Кыргыз Республикасы — укуктук мамлекет

Википедия дан

Азыркы таптагы жүргүзүлүп жаткан укуктук реформалар Кыргызстанда демократиянын укуктук негиздерин, эркин экономиканы түзүүгө жана түпкүлүгүндө укуктук мамлекетти түзүүгө багытталып жатат. Укуктук мамлекеттин башкы өзгөчөлүктөрүболуп, биринчиден, адамдардын жалпыга таанымал укуктарын жана эркиндиктерин мыйзам аркылуу бекемдөө, экинчиден мамлекетти башкарууда граждандардын түздөн-түз жана өздөрү шайлаган өкүлдөрү аркылуу катышуусун камсыз кылуу, үчүнчүдөн, мамлекеттин жана коомдун турмушунда мыйзамга артыкчылык берүү, төртүнчүдөн, коомдук мамилелерди жөнгө салуу жагдайында соттордун ролун жогорулатуу болуп саналат. Өзүн "Социалисттик" деп аталган Совет мамлекетинде "социалисттик система" жана "социализмди куруу" идеясы кыйроого учурагандыгы маалым. Тарыхта буга окшогон идеялар чыныгы укукту артка түртүп салып, тоталитардык режимге, диктатурага, элге жасалган зордук-зомбулукка алып келип, алардын жашоосунан жалпы цивилизация жана маданият берген баалуулуктарды четтетүүгө алып келээри белгилүү. Советтик коомдо укук "социалисттик укук" деп аталып, баштан аяк идеологиялаштырылган болчу.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • ISBN 5-7499-0134-3 Эсенканов К., Идинов А. Мамлекет жана укук негиздери. Бишкек, "Шам", 1999. 23 бб.