Кыргыз Россия Славян Университети

Wikipedia дан

Кыргыз Россия Славян Университети (КРСУ) 1993-жылы Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ортосундагы кызматташтык жана эки тараптуу достук, жардамдашуу келишиминин негизинде түзүлгөн. Өкмөт аралык макулдашууга ылайык университет – Россия Федерациясы жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы мамлекет жогорку окуу жайы. Окуу пландары эки мамлекеттин билим берүү стандартынын негизинде түзүлгөн.
Бүтүрүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мамлекеттик үлгүсүндөгү диплом ыйгарылат. Университетте табигый-техникалык, экономикалык, юридикалык, эл аралык мамиле, курулуш дизайны жана архитектура факультеттери иштейт. Университеттин уюштуруучусу жана ректору техника илимдеринин доктору, академик профессор В.И.Нифадьев.

Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

“Кыргыз тарыхы” Бишкек 2003. “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору” “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик тил Педагогикалык университети” Башкы редактор: Ү.А.Асанов, жооптуу редактор: А.А.Асанканов. Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н. Өмүрбеков.

Интернеттик шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]