Кыргыз ССРинин Конституциясы
Көрүнүш
Кыргыз ССРинин Конституциясы — Кыргыз ССРинин негизги мыйзамы. 1929-жылы 30-апрелде Кыргыз АССРинин Конституциясы, 1937-жылы 23-мартта Кыргыз ССР Конституциясы кабыл алынган. 20-кылымдын 70-жылдарында Советтер Союзу өнүккөн социализмдин фазасына кирди деген жасалма ураан алдында Кыргыз ССР Жогорку Совети 1978-жылы 10-апрелде ага айрым өзгөртүү, толуктоолорду киргизип, Кыргыз ССР Конституциясынын 10 бөлүм, 19 глава, 172 статьядан турган жаңы редакциясын кабыл алган. 1989—90-жылдары Советтер Союзунда башталган кайра куруу саясатына байланыштуу ага кайрадан жаңы толуктоолор киргизилип, бир кыйла өзгөрүүгө учураган. Кыргыз ССР Конституциясы Кыргыз ССРинин негизги мыйзамы катары 1993-жылы 5-майга чейин кызмат кылган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9