Кыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитети

Википедия дан

Кыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитети – Кара Кыргыз АОнун 1924-жылы 21-октябрдан 1925-жылы 30-мартка чейин башкарган убактылуу бийлик органы. РСФСР БАКтын Президиумунун чечими менен түзүлүп, ага И. Айдарбеков башында турган 17 киши кирген. Комитет адегенде Ташкент шаарында жайгашып, 1924-жылы декабрда Пишпекке көчкөн. Анын негизги милдети – область. Бийликтин мамлекеттик аппаратын түзүү жана жөнгө салуу, Советтердин уюштуруу съездин даярдоо жана аны өткөрүү болгон. Мамлекеттик пландоо комиссиясын түзүп, чарба, экономикалык, финансылык жана башка маселени колго алган жана Кыргызстандагы калктын санын, улуттук курамын жана малдын санын, жер аянтын, токой байлыктарын тактоо боюнча иштер аткарылган. 1924-жылы 22-ноябрда уюштуруу маселесин тейлөө үчүн Аттестациялык комиссия түзүлүп, борборду, округду, районду башкарууга кадрлар тандалган. Ревкомдун алдында 14 бөлүм иштеген (администрациялык, дыйканчылык, сот, прокуратура, саламаттык сактоо, билим берүү, ички иштер, жумушчу-дыйкан инспекциясы жана башка). Пленардык жыйындарда кабыл алынган чечимдер мыйзам күчүнө теңелип, бардык мамлекеттик мекеме жана коомдук уюмдар үчүн сөзсүз аткарылууга тийиш болгон. Мисалы, 1924-жылы 12ноябрдан 1925-жылы 15-мартка чейин 51 жыйын өтүп, анда 665 маселе боюнча чечим чыгарылган. 1925-жылы Советтерге шайлоо өткөрүлүп, округ, район, болуштуктарда аткаруу комитеттери шайланган. Ошол эле жылдын 27–30-мартында Кыргыз АО Советтеринин 1-уюштуруу съезди өткөн. Съезд И. Айдарбековдун отчётун угуп, комитеттин ишин канааттандырарлык деп тапкан. Съездде 11 кишиден турган Облаткомдун президиуму (төрагасы А. Орозбеков) шайланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]