Кыргыз академиялык камералык хору

Википедия дан

Кыргыз академиялык камералык хору — 1974-ж. Кыргыз ССР Телерадиокомитетинин алдында Министрлер Советинин чечими менен уюшулган. Алгачкы жетекчиси К. Алиев. Хордун репертуары жергиликтүү жана чет өлкөлүк композиторлордун (В. Моцарт, Ж. Верди, С. Танеев, С. Рахманинов, М. Абдраев, К. Молдобасанов, Н. Давлесов, С. Юсупов жана башка) классикалык чыКыргыз академиялык камералык хору. 2010-ж. гармаларынан (хорлор, кантаталар, реквиемдер) түзүлгөн. Коомдук телерадио корпорациясынын алтын казынасында хордун аткаруусунда 500дөн ашык чыгарма бар. Хор конкурстарга, фестивалдарга катышып турат. Кыргыз элинин классик композиторлору А. Малдыбаев, М. Абдраев, К. Молдобасанов, Н. Давлесов, А. Жаныбеков, С. Осмонов, Э. Жумабаев, А. Жээнбаев, С. Айтикеев жана башкалардын чыгармалары; элдик ырлар жана М. Баетов, А. Огомбаев, Ж. Шералиев, Р. Абдыкадыров, А. Атабаев, К. Тагаев жана башка обончулардын үлгүлүү ырлары хор жана а'капелла үчүн иштелип чыккан. Хордо жогорку квалификациялуу В. Базылбекова, К. Исмаилова, З. Тоялиева, О. Жапаров, Ч. Дүйшөналиев, С. Урманбетова, Б. Ыбыкеев сыяктуу ырчылар эмгектенишет. Камералык хор Ленин комсомолу сыйлыгынын (1978), Казакстанда өткөн хор искусствосу боюнча эл аралык конкурстун (2007) лауреаты. 2008-жылдан азыркы КРдин Мадабият жана туризм министрлигине караштуу. Жетекчилери: В. Д. Гумбин (1976-91, 1999-2001), К. Нурматов (1992—94), кыргыз аялдарынан чыккан туңгуч дирижёр Г. Маматова 2001-жылдан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]