Кыргыз атчандар полку
Көрүнүш
Кыргыз атчандар полку — 1920-ж. июнь айында Кыргыз атчандар дивизионунун ордуна кайрадан түзүлгөн аскер бөлүгү. Кыргыз атчандар полку негизинен кыргыз жана өзбек калкынан куралып, саны миң жоокерге жеткен. Бул полктун жардамы менен Орто Азияда уюшулган басмачылардын саны азайып, алар тоолуу аймактарга чегинген. Бухара эмирин тактан түшүрүүгө, ал жерде Совет бийлигин орнотууга көмөктөшкөн. Басмачыларга каршы күрөштөгү эрдиги үчүн полктун командири С. Күчүков Кызыл Туу ордени менен сыйланып, көптөгөн жоокерлер баалуу сыйлыктарга татыктуу болгон. Жарандык согуш аяктагандан кийин Кыргыз атчандар полку таркатылган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9