Кыргыз билим берүү академиясы
Кыргыз билим берүү академиясы (КББА), 2003-ж. Кулжа айынын 9-күнү Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтому менен түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын билим жана маданият министрлигине баш ийет.
КББАнын негизги максаттары жана маселелери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- билим берүүнү башкаруунун натыйжалуугун жогорулатуу;
- жаңы муун үчүн мамлекеттик стандарттарды, программаларды, окуу китептерин түзүү, окуу-усул адабияттарын жана башка билим берүүнүн сапатын жогорулатууну камсыз кылган адабияттарды чыгаруу;
- педагогикалык жана башкаруучулук кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана дасыгын (квалификациясын) жогорулатуу;
- Кыргыз Республикасы билим берүүнүн философиясын жана илимий-методикалык негиздеринин стратегиясын аныктоо;
- аспирантура жана докторантура аркылуу жогорку дасыктуу (квалификациялуу) илим жана илим-педагогикалык кадрларды даярдоо.
Кыргыз билим берүү академиясынын түзүмүнө төмөнкүлөр кирет: - Билим берүү борбору. - Жогорку жана үзгүлтүксүз билим берүү көйгөйлөрүн борбору. - Жаңычылдык-маалыматтык технологиялар борбору. - Педагогикалык кадрлардын дасыгын (квалификациясын) жогорулатуу, даярдоо жана кайра даярдоо борбору.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004