Кыргыз дыйканчылык илим изилдөө институту

Википедия дан

Кыргыз дыйканчылык илим изилдөө институту Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин карамагында. институт 1956-жылы Мамлекеттик селекция жана республикалык мөмө-жемиш, жашылча тажрыйба станцияларынын базасында түзүлгөн. 2002-жылы Агрардык илим жана консультациялык кызмат борборуна өткөрүлгөн. 2008-жылдан кайра министрликтин карамагында. Негизги илимий багыттары — айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогорку түшүмдүү жана сапаттуу сортторун жана гибриддерин чыгаруу, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн агротехникасын өркүндөтүү, дыйканчылыктын илимий негизделген системасын иштеп чыгуу, которуштуруп айдоо системасын дыйкан чарбаларга киргизүү жана топурактын асылдуулугун жогорулатуу. Институтта айыл чарба өсүмдүктөрүнүн 100дөй сорту жана гибриди чыгарылган жана райондоштурулган, анын ичинде күздүк буудайдын 40 сорту жана гибриди (жогорку түшүмдүүлүгү 8—10 т/га), күздүк арпанын (8,0—8,5 т/га), жаздык арпанын (3,5—8,5 т/га), жүгөрүнүнүн (17,0—18,0 т/га), кант кызылчасынын (60,0—65,0 т/га), помидордун (60,0 т/га), картошканын (25,030,0 т/га) жана пахтанын (3,2—3,6 т/га) сорттору чыгарылган. Институт чыгарган буудай жана арпа сорттору Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Арменияда эгилет. Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын жүргүзүү жана областтар боюнча илимий жактан негизделген дыйканчылык системасы иштелип чыккан. Институтта 2 илимдин доктору (Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын 1 академиги, 1 корреспондент мүчөсү), 19 — кандидаты эмгектенет. Институттун илимий эксперименттик чарбасы, 4 тажрыйба станциялары жана чарбалары, 13 илимий бөлүмү жана лабораториясы бар. Институттун алгачкы директору А. Л. Кильчевский (1956—63), 2010-жылдан директору Ж. Акималиев.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]