Кыргыз ирригация илим изилдөө институту

Википедия дан

Кыргыз ирригация илим изилдөө институту, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдында. Институт 1953-жылы СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын курамында уюшулган. 1973-жылы Бүткүл союздук мелиорация системасын комплекстүү автоматташтыруу Илим изилдөө институту болуп түзүлгөн. 1992-жылы азыркы аты менен аталып, 2002-жылдан Агрардык илим жана консультациялык кызмат борборунун карамагына өткөрүлгөн, 2008-жылдан кайрадан министрликтин карамагында. Негизги илимий багыты — Кыргыз Республикасынын аймагындагы тажрыйба жерлердин негизинде туздуу жерлерди мелиорациялоо, мониторинг жүргүзүү жана маалымат базасын түзүү; мелиорациялык гидрогеология, суу чарба маселелерин жана гидрогеологиялык процесстерди моделдештирүү; сугат жана суу менен камсыз кылуу маселелеринин илимий негиздерин иштеп чыгуу; такыр жана нымдуу жерлердин чөлгө айлануусу менен күрөшүү; дарыялар жана каналдардагы суунун сапатына мониторинг жүргүзүү. Институт республиканынын аймагындагы шор жерлерге мониторинг жүргүзүп, айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруунун жакшыртылган технологиясын сунуштаган; электр суу насосторун жана суу кудуктарын пайдалануу механизми ойлонуп табылган; сууну рационалдуу пайдалануу боюнча автоматташтырылган система иштелип чыккан ж. б. Институттун курамында мелиорация жана жер сугаруу багытында 5 лаборатория, суу чарбасын техника жана маалымат каражаттары менен камсыз кылуу багытында 3 лаборатория бар. Институтта 52 кызматкер, анын ичинде 15 илимдин кандидаты иштейт. Институттун алгачкы директору Б. М. Мамбетов (1953—54), 1992-жылдан К. М. Кулов.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]