Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана адистикти жогорулатуу институту

Википедия дан

Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана адистикти жогорулатуу институту — саламаттык сактоо системасындагы мамлекеттик жогорку окуу жайы. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагында. Врач, фельдшер, медсестра ж. б-дын, өлкөбүздөн жана чет мамлекеттен медициналык жогорку окуу жайын аяктагандардын жергиликтүү жана чет элдик врачтардын адистигин жогорулатат жана кайра даярдайт, ошондой эле докторантура, аспирантура, клиникалык ординатурага кабыл алат. Бул окуу жайы 1992-жылы КММИнин врачтардын билимин өркүндөтүү факультетинин жана Республикалык орто билимдүү медициналык фармацевттердин билимин жогорулатуучу окуу жайдын базасында уюштурулган. Институтта жыл сайын 5000ден ашык врачтар жана медсестралар адистиктерин жогорулатат. Институтта Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөлөрү, эмгек сиңирген врачтар, көптөгөн профессорлор, илимдин докторлору жана кандидаттары эмгектенишет. Окуу жайда врачтардын жана медсестра иши боюнча адистердин билимин өркүндөтүүчү факультет; үй-бүлөлүк медициналык окуу борбору жана үй-бүлөлүк медициналык иши борбору иштейт. Бардык областтарда үй-бүлөлүк медициналык окуу борборунун 7 бөлүмү бар. Андан сырткары, Ошто «Медициналык билим берүүнүн дипломдон кийинки борбору» — бөлүмү иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]