Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк

Wikipedia дан

Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк” – кыргыз тарыхчылары археология сабагынан берген көрүнүктүү адис доцент, тарых илимдеринин кандидаты, Бейше Урстанбеков (1938-1991) жана анын шакирти, чыгыш таануучу аспирант, андан соң тарых илимдеринин кандидаты Тынчтыкбек Чороев (Чоротегин) айтылуу “горбачевдук маалымдуулук жылдары” калемдеш катары даярдап, 1989-жылдын акыркы айларында басмага тапшырып, кийинки жылы жарыялаган эмгек.

Мазмуну[оңдоо | булагын оңдоо]

Аны “Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы” коомчулукка илимий-жамаагаттык китеп жана мектепте тарыхты окууда колдонмо каражат катары сунуштаган.
Китеп 1990-жылдын соңунда жарык көргөн (бир катар макалалары ошол кездеги цензорлорду чочулаткан бул китепке расмий уруксат дароо берилбестен, аны басууга ошол жылы 11-ноябрда гана кол коюлган).
Цензуралык тоскоолдуктарга байланыштуу бир катар макалалар китепке киргизилбей калса да, бул энциклопедиялык сөздүк ага чейин айтылбай же үстүрт эскерилип келген нечендеген тарыхый инсандар жана тарыхый окуялар тууралуу кеңири маалыматты камтыган.
Эгерде расмий бийлик тарабынан жактырылган академиялык жалпылама эмгекте (Фрунзе, 1984) Эне-Сай кыргыздарынын тарыхый баскычы жалпы кыргыз тарыхынан “жерилип”, четтетилсе, ал эми бул жыйнакта кыргыз тарыхы кеңири тарыхый мейкиндикте (Ички Азия, Борбордук Азия, Ала-Тоо, Эне-Сай, Алтай, Чыгыш Түркстан, Монголия, Түндүк Ооганстан, Мавераннахр, ж.б.) бири-бирине тыгыз жуурулуштурулуп чагылдырылган.

Жусуп Абдрахманов, Абдылда Бек Алымбек датка уулу, Барс-Бег, Анвар Байтур, Жусуп Баласагуни, Курманжан Датка, Махмуд Кашгари, Модэ-шанүй, Молдо Кылыч, Молдо Нияз, Мухаммед Кыргыз, Осмонаалы Сыдык уулу, Пулат(Полот) хан, Рахманкул хан, Касым Тыныстанов сыяктуу тарыхый инсандар жөнүндө бул энциклопедиялык басылмада жаңыча маалыматтар сунушталган. Айрым тарыхый инсандар кыргыз тарыхнаамасында алгачкы ирет ушул энциклопедиялык жалпылама чыгармада эскерилген.
Мурдагы тарыхый китептерде айрыкча сөз кылынбай келген бир катар тарыхый учурлар, доорлор жана коомдук жараяндар, маданий өнүгүү баскычтары, реалийлер өзүнчө макала алкагында эскерилген (Маселен, “Кыргыздын ай аттары”, “Кыргыздын жыл аттары”, “Кыргыз жазмасы”, “Кыргыз кагандыгы”, “Мыкан суусунун боюндагы салгылашуу”; “Тибет-кыргыз алакалары”, “Үркүн”, “Фу-Йү кыргыздары”, “Ысык-Көл шеринеси”, ж.б.).
Совет доорунун айрым баскычтарына сын көз менен караган “Сенек жылдар” сыяктуу макалалар киргизилген.
Китептин соңундагы тиркемеде хронологиялык жадыбал, жаңы колдонулган айрым сөздөрдүн тизмеси, илимий жана көркөм адабият тизмеси, терминдердин орусча-кыргызча көрсөткүчү, айрым чыгыш (мусулман) даректеринен хрестоматиялык котормолордун үзүндүлөрү киргизилген.

Шилтеме[оңдоо | булагын оңдоо]