Мазмунга өтүү

Кыргыз театр ишмерлеринин союзу

Википедия — ачык энциклопедия

Кыргыз театр ишмерлеринин союзу — театр искусствосун өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү театр ишмерлеринин республикалык чыгармачыл уюму. 1961-жылы Кыргыз ССР театр коому катары уюшулган, 1986-жылдан азыркы аталышта. Башкы милдети: театр чыгармаларынын көркөмдүкмазмундук деңгээлин, анын ишмерлеринин көркөм чеберчилигин жогорулатууга, турмуш менен байланышын чыңдоого жана элди патриотизм, интернационализм маанайында тарбиялоого көмөктөшөт. Союздун президиуму 15 мүчөдөн турат. Коомдун төрагалары М. Рыскулов (1961—75), Т. Абдумомунов (1975—86), Союздун төрагасы Ч. Базарбаев (1986—96), Т. Жолдошбеков (1996—2005), М. Шаршенбаев (2005-жылдан).

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]