Мазмунга өтүү

Кыргыз темир жолун өнүктүрүү перспективалары

Википедия — ачык энциклопедия

Кыргыз темир жолун өнүктүрүү перспективалары. Жаңы евроазиялык континенталдык темир жол көпүрөлөрүн түзүүгө байланыштуу Кыргызстандын аймагында байыркы Жибек жолунун кайталанышы болуп эсептелген чоң темир жол желеси пайда болушу мүмкүн.

Ушул кырдаалда Кыргызстанда эл аралык таламдаш уюмдар менен бирдикте Кыргыз темир жибек жолун куруу мүмкүнчүлүгү пайда болду, ал мааниси жагынан кургак Суэц каналы болмокчу. Бул жол Кыргызстандын экономикасы үчүн чындыгында кереметтүү көпүрө болот, ал жол менен республиканын бюджетине валюта алып келүү менен, жүктүү темир жол кербендери чыгыштан батышты көздөй, батыштан чыгышты көздөй чубуруп өтүп турмак. Анын үстүнө бир тонна-километр үчүн валюталык кирешенин көлөмү ушул кургак Суэц каналынын - кыргыз темир жолунун узундугуна түз пропорционалдуу болот.

Кыргыз темир жолун куруунун пайдасына төмөнкүдөй себептерди келтирүүгө болот: Биринчиден, Түштүк-Чыгыш Азияда жаңы экономикалык борбордун түзүлгөндүгүнө байланыштуу Азия-Тынч Океан регионунун (АТР) Кытай, Таиланд, Түштүк Корея, Тайвань, Сингапур, Гонконг, Индонезия, Вьетнам, Малайзия сыяктуу өлкөлөрү соңку жылдарда туруктуу экономикалык өсүштү көрсөтүшүүдө. Кыргызстан жаш суверендүү мамлекет катары жогоруда көрсөтүлгөн «ажыдаарлар» менен экономикалык интеграцияга умтулууга тийиш. Көп экономисттерге XXI кылым «Азиянын кылымы» болот деп эсептөөгө мүмкүндүк бере турган негизги көрсөткүчтөрдүн бири ушул континенттин инвестицияларынын өсүшү болуп эсептелет. Эгерде 80-жылдардын экинчи жарымында ар жылдык инвестициялар бул жерде орточо 13,3 млрд АКШнын долларын түзсө, анда түз инвестициялардын Азияга агымы (Японияны чыгарып таштаганда) 1991-ж. 24 млрдга чейин, 1992-ж. - 28 млрд АКШнын долларына чейин өскөн.

XXI кылымда бул инвестициялар дагы эле тездик менен өсүүдө. Экинчиден, Казакстандын адистеринин эсептөөлөрү боюнча, жыл сайын Европадан Чыгышка темир, деңиз, аба жолу менен 100 млрд АКШнын доллары суммасындагы жүктөр ташылат. Эгерде Кыргызстан дүйнөлүк экономикага интеграцияланууну кааласа, анда дүйнөлүк шериктештик менен соода-экономикалык карым-катнаштарды көбөйтүү жана жогоруда көрсөтүлгөн жүктүн жок дегенде 0,51,0%ин өзүнүн аймагы аркылуу, эң оболу темир жол, о. э. аба жана Автомобиль транспорту менен өткөрүп турууга аракеттенүү керек. Бул республиканын экономикасына 500 млн АКШнын долларынан 1 млрд АКШнын долларына чейин валюталык киреше алып келмек. Эгерде биз КНРге чыга турган темир жол курсак, Кыргызстан туюкта калган өлкө болбой тургандыгын дагы бир жолу баса көрсөтүү зарыл, бул үчүн географиялык да, экономикалык да өбөлгөлөр бар. Үчүнчүдөн, континенттер аралык жана региондук проблемаларды чечүү менен, биз «Түндүк-Түштүк» темир жолун куруу менен байланышкан республиканын ички проблемаларын, алардын аймактары аркылуу жаңы темир жол өтө турган бардык - Чүй, ЫсыкКөл, Нарын, Жалал-Абад, Ош областтарынын социалдык проблемаларын дээрлик эч кыйынчылыксыз чече алабыз, анткени тоо кендерин казып алуучу, кайра иштетип чыгуучу өнөр жайлар, коммерциялык жана курулуш ишканалары пайда болот. Туристтик бизнести өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Темир жол куруунун пайдасын дагы бир учур далилдейт: Кара-Кече көмүр кенине өзүнчө тармак куруп, жыл сайын 1 млн 200 миң тоннага жакын көмүр жага турган Бишкек ТЭЦин реконструкциялап, аны отун менен камсыз кыла алабыз, бул да жолдун натыйжалуулугун жогорулатат. Айтмакчы, Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолунун курулушу өтө маанилүү. Андан тышкары, республиканын түндүгүндөгү белгиленип жаткан нефтини кайра иштетип чыгуучу заводдун курулушуна перспективада сырьёну адегенде Кашгардан ташып келүүгө, кийин нефть сырьесун Нарын областындагы Ак-Сай кенинен казып алууга болот. Ошентип, келечектеги темир жол чындыгында республиканын экономикасын азыктандырып туруучу артерия болот. «Түндүк-Түштүк» темир жолун куруу жөнүндөгү маселени изилдеп чыгуу республиканын түндүк жана түштүк-батыш бөлүгүн бириктирүүчү келечектеги темир жолдун багыттарын жана негизги техникалык параметрлерин тандоого алып келди. Үч вариант иштелип чыккан: 1. Балыкчы - Кочкор - Арал - Үч-Терек Таш-Көмүр; 2. Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече - Казарман - Жалал-Абад; 3. Балыкчы - Кочкор - Нарын - Казарман - Жалал-Абад. Үч варианттын бардыгын изилдеп чыгып, Финансы министрлигинин мурунку Экономика илим-изилдөө институтунун, Энергетика илим-изилдөө институтунун, Кыргыз тоо-кен-металлургия институтунун, Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун, Кыргыз темир жол башкармасынын, о. э. башка мекемелердин корутундуларын эсепке алуу менен, долбоорлоо институттары экинчи вариантты, атап айтканда, 420 километрге созулган Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече - Казарман - Жалал-Абад багытын өтө ыңгайлуу вариант деп аныкташты. Бирок «Түндүк-Түштүк» жаңы темир жол линиясынын курулушун финансылоо проблемасын изилдеп чыгып, о. э. эл аралык финансылык ж. б. уюмдар менен иштеп, адистер темир жол курулушунун сунуш кылынып жаткан долбоору чет өлкөлүк өнөктөрдү аз кызыктыра тургандыгына ынанышты, анткени мында ички республикалык экономикалык жана социалдык проблемалар гана чечилет. Ал эми эл аралык уюмдар глобалдуу региондук проблемаларды чечүүгө жардам бере турган долбоорлорго артыкчылык көрсөтүшөт.

Бул кырдаалда адистер эл аралык темир жол магистралдарына чыгуунун мүмкүн болуучу варианттарын карап чыгууну башташты. Кытай Эл Республикасында Корла - АкСуу - Кашгар темир жол курулушунун башталышына байланыштуу Кашгар шаарына чыгуучу темир жолдун варианты жогоруда көрсөтүлгөн темир жолу аркылуу Кытайдын чыгыш портторуна, Гонконгго, Вьетнамга ж. б. өлкөлөргө чыгууга мүмкүндүк берет. Кыргызстан туюктагы өлкөдөн Европа менен Азиянын ортосундагы континенталдык көпүрөгө айланат. Ошентип, эгерде Кашгар шаарына чыгуу мүмкүнчүлүгүн негиз кылып алсак, анда мурда иштелип чыккан варианттардан эң оңтойлуусу үчүнчү вариант, б.а., Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече - Казарман - Жалал-Абад багыты болот; Казармандан Торугартка чейин 270 километрге жакын темир жолун куруу калат. Бул вариант бардык мамилелерде эң пайдалуу болот: биринчиден, республиканын түндүгү менен түштүгүн бириктирип, экономикалык жана саясий стратегияга жооп берет; экинчиден, улуттук кызыкчылыктарга жооп берет, иштеп жаткан Чалдыбар Бишкек - Балыкчы темир жолун реконструкциялоодон жана белгиленип жаткан темир жолду куруудан кийин Балыкчы - Кочкор – Кара-Кече - Казарман - Жалал-Абад, Казарман - Кашгар бутагы республиканын Талас областынан башка дээрлик бардык областтарын камтыйт жана эл аралык темир жол магистралына чыгат. Мында 1100 километрге жакын созулган кыргыз темир жолу эл аралык мааниге ээ болуп, ар бир тонна-километрден валюта алып турат.

Келечектеги темир жол линиясынын курулушун финансылоо үчүн техникалык-экономикалык негиздөөнү жана узак мөөнөткө кредит берүүгө эл аралык финансы уюмдарын кызыктыруу үчүн дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келе турган инвест-долбоорду даярдоо зарыл.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9