Кыргыз тилинин азыркы абалы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Өнөр алды кызыл тилби же кор болгон кайран кыргыз тилиби? О.Түгөлбаев, Кыргыз билим берүү академиясынын окутуучусу

Алгы сөз[оңдоо | булагын оңдоо]

Сөз баккан, сөздү урматтаган байыркы элбиз дейбиз. Каадаланып улуу сөздөн кеп кылып калабыз. «Өнөр алды - кызыл тил» деп өрөпкүйбүз. Ушунубуз бүгүн чындыкка туура келеби? Туура болсо, анда кыргыз тили азыркысындай адам ыйлагыдай абалда болбойт элего.

Туура болсо, кыргыз тили мамлекеттик деңгээлде өз ордун таап, расмий иш кагаздарынын баары ушул тилде жазылмак.

Мамлекеттик бардык мекемелерде иш кыргыз тилинде жүргүзүлмөк, мекемелер арасындагы маалымат алмашуу кыргызча жүрмөк. Кыргызстандын мамлекет жана өкмөт башчылары менен ар кандай расмий делегациялардын ортосунда жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдө тилибиз эки расмий тилдин бири болмок.

Мамлекеттин президентинин алдында, кыргыз өкмөтүндө, жогорку кеңеште, мамлекеттик ар кандай мекемелерде өткөрүлүүчү иш чаралар, чогулуштар, жыйындар, жыйналыштар нукура кыргыз тилинде өткөрүлмөк.

Балдар бакчасында, башталгыч, орто жана жогорку мектепте окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлмөк. Окуу жана усулдук китептер, окуучулар жана мугалимдер үчүн ар кандай колдонмолор, кошумча окуу үчүн адабияттар, ар кандай курактагы (эмгектеген баладан эңкейген карыга чейинки) окурмандар үчүн адабияттар жетиштүү санда, сапаттуу кагазга, кооздолуп, түркүн түс берилип басылып чыкмак.

Кыргыз тилинде терминдерди түзүү, калыптандыруу жана ырааттуу байытып туруу иши дайыма көңүлдүн чордонунда болмок.

Кыргызча көрнөктөрдү (вывеска) туура жазып илүүгө, жарнама (реклама) ишин туура жүргүзүүгө мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулмак.

КТРда, башка телеканалдарда кыргыз тилинин туура, так жана мазмундуу сүйлөнүшү, алып баруучулардын сөз байлыгынын деңгээли дайыма көңүлдүн борборунда турмак. Коомдук транспортто аялдамалар кыргызча туура жарыяланып турмак.


Кыргызча газет-журналдардын сөз байлыгы,кеп маданияты жогору болмок.

Кыргыз тили жана адабияты боюнча адистерди, анын ичинде мугалимдерди, даярдоо иши көңүлдүн чордонунда турмак. Мындай адистерди башка окуу жайларга өтпөй калгандардын арасынан эмес, мыкты бүтүрүүчүлөрдүн арасынан тандап алып даярдамакбыз.

Жогорку бир нече абзацтын ар бир сүйлөмүндө токтоосуз чечилишти талап кылган олчойгон маселелер жатат. Буларды чечмелесек, ар бири олуттуу бир нече макалага материал болмокчу. Биз азыр жүрөктү өйүгөн, кой десең болбой оркоюп турган айрым бир нерселерге токтолмокчубуз.

Кыргыз тилинин тарыхына кайрылуу[оңдоо | булагын оңдоо]

Кылымдарды карыткан, мамлекет куруп жашап келе жатканына бир нече миң жыл болгон байыркы кыргыз элинин тили дүйнөдөгү бай тилдердин бири экендиги анын өз жазуусу болгондугунан эле көрүнүп турбайбы. Демек, кыргыз тили азыркыдай 4 миллиончо адамдын үйүндө өз ара пикир алмашуунун гана тили болбостон, илгери көөнө кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгына кызмат кылып келген, эл аралык деңгээлдеги тил болгондугуна ой чабыты кеңири ар бир адам түшүнөт. Ушул маселеге кыскача кайрылып коёлу..

Орто кылымдарда, монгол жапырыгына чейин эле, түркий тилдерде сүйлөгөн элдер чыгыштан батышка карай Тынч океандан тартып Атлантика океанына чейин, түштүктөн түндүккө карай Инд океанынан тартып Түндүк Муз океанына чейин жайгашып жашап, же болбосо үстөмдүк кылып келген. Түркий тил, тактап айтканда, кыргыз-кыпчак тили, ошол мезгилде эл аралык катнаштын тили болгон. Ошол учурда баш көтөргөн билимдүү ар бир адам эреже катары бул тилди билген. Мамлекеттер аралык сүйлөшүүлөрдө, соода-сатыкта, дегэле ар башка элдердин өкүлдөрү катышкан ушул сыяктуу алака-катнаштарда бул тил негизги ролду ойногон. Ал эми монгол жапырыгынан кийин, айрыкча Алтын ордо мамлекети орногондон кийин, кыргыз-кыпчак тилинин бул ролу ого бетер күчөгөндүгү белгилүү.

Кичинекей бир мисал. Азыркы Дагестанда жашаган 6 негизги элдин бири болгон кумуктардын тили (кумук тили тигил кыргыз-кыпчак тилинин бир варианты) бардык тоолуктар үчүн, ал эмес бүткүл Кавказ үчүн кийинки мезгилдерге чейин эле эл аралык тил болуп кызмат кылып келген. Тоолуктар тестиер уулдарын кумук тамырларына тарбия-таалим алыш үчүн, тил үйрөнүш үчүн бир нече жылга берчү экен. Бул абал, Кавказга орус тили эл аралык тил болуп калганга чейин, тактап айтканда өктөбүр революциясына чейин, сакталып келиптир.

Кыргыз тилине азыркы мамиле[оңдоо | булагын оңдоо]


Бир-эки мисал[оңдоо | булагын оңдоо]

Бир нече жыл мурда КООРТ өзгөрүп, 5-канал болгон учурда бир алып баруучу кыз депутаттардын кайсы уруудан экенине сереп салмакчы болуп жатат. Айтып жатпайбы: «сарбагыш уурусунан мынча, азык уурусунан мынча» - деп. Уруу менен уурунун айырмасын билбеген неме элдин туура сүйлөшүнө кандай таасир берет? Уруучулдукту мамлекеттик деңгээлде кайра ойготуп жатканын айтпай эле коёлу. 1-каналда балдарыбыз жактырып көргөн «Керемет көч» берүүсү бар. Мурда алып баруучу балдар менен учурашканда «Саламатсыңарбы балдар жана кыздар» - дечү. Азыр кудай жалгап антпей калды дейин десем бул кеп дагы эле айтылып жатат. Бул сүйлөмдү орусчаласак: «Здравствуйте дети и девочки» - болот. Өзүңөр ойлонуп көргүлө. Уул да бала, кыз да бала, «балдар» деген термин өз ичине уландарды да, кыздарды да камтыйт. Демек, «Саламатсыңарбы балдар» - деп гана салам айтуу жетиштүү. Ушул берүүдө мурда орун алып келген бир орчундуу маселеге назар салалычы. Берүүнүн каармандары Акылай, Актан жана эшектин такайы (коделеги) экенин баарыңар билесиңер. Кыргыз баласы өз турмушунда байыртадан козу-улак, кулун-тай, музоо-торпок, бото-тайлак, күчүк менен ойноп келген эмеспи. Кыргыз баласы эч качан эшектин такайы менен ойногон эмес. Эшек биздин турмушка кечөө эле, советтик-партиялык жетекчилер кыргызды аттан ажыратып койгон кезде кирди. Ал эми «Керемет көч» берүүсү, өз аты айтып тургандай, жаш муундарды кыргыздын өткөндөгү керемет көчүнө, керемет жашоосуна сүңгүтүп, аны менен тааныштырышы керек болуп жатпайбы. Эмне үчүн эшектин такайынын ордуна эркелеген бото же кумайык, же учкаяк тай коюлган эмес? Балдарыбызда «кыргыз байыртадан эшек минип, эшек арабага түшүп жүргөн, балдары эшектин такайы менен ойногон» - деген түшүнүк алдыртадан калыптанып жатпайбы? Бирок, адилеттик үчүн белгилей кетсек, жакында, бул берүүдөгү такайдын ордуна күчүк келди. Бирок, анын аты Кумайык болгондун ордуна, Барбос (азыр Борсулдак болуп калды)болуп жүргөнүнө жол болсун.

Дагы бир сөз. 2013-жылдын 18-январында "Замана" студиясынын балдар үчүн бөлүгүндө кичине бөбөк менен оюнчук жасаган эжекенин туура эмес айтканына көңүлүңөрдү бургум келет. Эжеке "айлан көчөк" жасадык деп күлкүнү келтирип жатат. Мен тактап, тууралап койгум келет. Булар "айлан көчөк" эмес, "эл кайда көчөт" коңузунун кебетесин жасашты. Ушундайларга "Замана" редакциясы көңүл буруп койбойбу?

Созулма үндүүлөр катышкан сөздөр менен окшош сөздөрдүн айырмасын билбей колдонобуз. Мисалы, кар-каар, эр-ээр, мал-маал, дары-даары, бүлө-бүлөө, тур-туур ж.у.с. Бир нече жыл мурдагы бир берүүдө ошол кездеги чоң манасчы болуп жүргөн устаты менен бирге бир жаш жигит "Манас" темасына кайрылып "Ээр Манас атты отко салды" деп жатпайбы. "Эр" менен "ээр"дин айырмасын билсек, "оттоду" менен "отко салды" качан айтылаарын түшүнсөк.

Айтылышы бирдей, бирок бир нече мааниси бар сөздөрдү туура колдонуу да көңүлдун чордонунда болсун (от, өт, ж.б.).

Расмий жазылыштар жана айтылыштар[оңдоо | булагын оңдоо]

Расмий жазылыштар жана айтылыштардын - албетте,мектеп менен ата-энеден кийин, - адамдын кеп маданиятын калыптандырууда ролу чоң. Ошого карабастан, бул маанилүү маселеге али олуттуу көңүл бурбай келе жатабыз.

Мына, көчөлөрдүн аты жазылган көрнөктөрдү алалычы. Акчаны үнөмдөшкөнүго, бир эле тактага орусчасын дагы, кыргызчасын дагы жазышат. Жөн жазбай, бири-бирине улап, учкаштырып жазышат. Мисалы, «Улица Лермонтова көчөсү», «Улица Баха көчөсү», «улица Московская көчөсү». Ушундан улам азыркы кыргыздар «Лермонтова көчөсү», «Баха көчөсү», «Московская көчөсү» деп тантырап калды. Лермонтов көчөсү, Москва көчөсү же Бах көчөсү деп туура сүйлөгөн бир да кыргызды жолуктура элекмин. Азыр борбордук бир нече көчөнүн аталыштары кыргызчаланган менен калгандары ошол эле таз кейпинде.

Тейлөө кызматы жагында мурда көрнөк, жарнамалардын баары орус тилинде болгондугун билебиз. Ошолордун кыргызча котормолорунун көбү аман эле болсун. Мисалы, "компьютерный развал-схождения" дегендин маанисин түшүнбөй туруп,"компьютердик бүлүнүүнү оңдоо" деп тантырайбыз. Ал "компьютердин жардамында дөңгөлөк түздөө" эле болот. Азапка тушуккан байкуш сөздөрдүн бири - "автомойка" сөзүнүн кыргызчасы. Бул сөз "унаажу", "унаажууч", "унаажуу" кебетелерде көп кезигет. "Жууйбуз" дегендин ордуна "Бат жуйбуз, таза жуйбуз" деп дагы кууратып жатпайбы. Муну кыргызчалатууда "автомойка" ишканасын аткаруучу катары карасак, анда "унаажуугуч" деп, ал эми бул ишканадагы аткарылуучу процесс жагынан карасак, "унаажуумай" деп алсак ылайык.

"Частный нотариус" дегенди "жеке нотариус" деп пайдалануу адатка айланды. Мунун туурасы "жеке менчик" же "менчик нотариус". "Жеке" сөзу кыргызча "жалгыз, бир" дегенди билдирет. "Жеке таз менен жети таз" жомогун эстегилечи. "Жеке таз" деген "менчик таз" эмес, "жалгыз таз" дегенди билдирет.
Жомокто акылсыз жети бир тууган таздар менен акылдуу жалгыз таздын ортосундагы окуялар баяндалат. Демек, "частный нотариус" - "жеке нотариус" эмес, "менчик нотариус" же "жеке менчик нотариус" болот. "Жеке менчик нотариус" десек, анда жалгыз нотариусту эмес, бул нотариустун карамагындагы мекеменин жеке менчик экенин түшүнөбүз.

Кечиримсиз каталыктар[оңдоо | булагын оңдоо]

2-3 жыл мурдагы «Эмнемди жесем?» - деген күлкү келтирген жарнама эсиңерде бар чыгар. Азыр абал жарнама маселесинде мурдагыдан болор-болбос оңолгонсуп калды. Ошентсе да, кемчиликтер дагы эле толтура.

Бир кичинекей мисал. Азыр сыналгыдагы жарнамалардан «саркеч» деген терминдин "модалуу" дегендей мааниде туура эмес колдонулушун жолуктуруп жүрөбүз. Муну Токтогулдун «Алымкан» деген ырынан алышкан окшойт. Ырда «Саркечтеп сайган жоолугуң,…Көккечтеп сайган жоолугуң» деген саптар бар. Бул терминди чечмелеп көрөлү. Жоолукту кештелеп саймалайт.. Сайманын сары кеште, көк кеште ж.б. деген түрлөрү бар. Демек так айтсак: «Сары кештелеп сайган жоолугуң» - болот. Бирок, бул сап ырдалганда жогоркудай кыскартылып калат. Демек, "саркеч" деген модалуу деген маанини бербейт.Моданы кыргызча "жарашык" десек туура болчудай.

Ал эми "Уюлдук телефон" эмес, "уюк телефон" деген туура. Сөздүн маанисин унутпайлы жана туура колдонолу.

Юдахинден бери чубалган ката[оңдоо | булагын оңдоо]

Биздин гимнибиздеги «бейкут» термини тууралуу айтпай коё албайбыз. Фарси тилинен кирген «бей» мүчөсү кыргызча «сыз» мүчөсүнө туура келип, "жок" дегенди билдирет. Алсак, бейбаш – башсыз, башы жок, бейбак – бактысыз, багы жок, бейтаалай – таалайсыз, таалайы жок. Ал эми "кут" сөзүнүн орусчасы "благодать" дегенди билдирип, кыргыздын турмушунда "кут болсун", "куттуктайм", "кутман" сыяктуу сөздөр жакшылык каалаган учурларда дайыма айтылат. Эми "бей" менен "кут" экөөнү жамап туруп, маанисине сереп салып көрөлүчү. Демек, "бейкут" – "кутсуз", "куту жок" дегенди билдирет турбайбы. «Бейкут» жакшылыкты билдирген сөз деген тараптагылар К.Юдахиндин сөздүгүнө таянышат экен. Юдахин жаңылбас болуптурбу? «Бей» мүчөсү башка бардык учурда «сыз» мүчөсүн, жок дегенди туюндуруп, жалгыз эле ушул учурда жакшылыкты билдирип калыптырбы?

К.Юдахиндин эмгегин эч ким жокко чыгарбайт, бирок бул жерде ката кетиргенин моюнга алышыбыз керек. Өзүңөр калыс болгулачы. Гимнибизди баарыбыз ырдаганда эл-жерибизге куту жок, кутсуз жашоону тилеп жатпайбызбы.

Ал эми жогорку жаманчылыкты тилеген сөздүн ордуна «бейпил» сөзүн алсак туура болот. Анткени «фил» деген фарсиден кирген кыргыз сөзү «чыр-чатак», «жаңжал» дегенди билдирет. Демек, бейпил – чыр-чатаксыз, тынч жашоонун синоними.

Бул сөз уят эмес![оңдоо | булагын оңдоо]

Биздин тилибизде туура эмес колдонулуп келаткан бир сөз, «кулакка» тартылып, дээрлик колдонулбай калган дагы бир сөз тууралуу айтпай коё албайм. Бул – «катын» сөзү. Бул жерде коммунистик моралдын жактоочулары чуу чыгарары бышык. Бирок, баарынан чындык кымбат.

Азыр бардык жерде эле, "аял киши" деп калдык (орусчасы "женщина-мужчина" болот). «Киши» деп жынысы эркек жана турмушта өз ордун тапкан, чыныгы адамгерчилик касиеттерге ээ болгон адамды айтабыз. Тестиер уландарды көтөрмөлөш үчүн "киши болуп калыптыр" дейбиз, тилдегенде "сен киши болбойсуң" дейбиз. Демек, 25-30 жаш курагынан мурда эркектер да «киши» деген ардактуу атка коно албайт. Албетте, жынысы ургаачы адам дагы «киши» боло албайт. «Тоок куш эмес, аял киши эмес» - дейтго акылман кыргыз эли. Бул макалдын маңызы - кээ бирөөлөр ойлогондой аялды кемсинтүү эмес, фактыны гана баяндоо. Макалдын орусчасы: «Курица – не птица, женщина – не мужчина». Буга эч кимдин талашы жокго.

Эми «катын» термини тууралуу. Кыргыздан айырмаланып, башка түркий элдерде, мисалы, өзбектерде (хотин), азербайжандарда (гадын), бул термин активдүү колдонулуп келе жатат. Азербайжанда совет мезгилинде эле "Азербайжан гадыны" деген журнал чыкчу. Тактап айтсак, "катын" – "киши"нин жубайы. Байы экөө тең кадыр-баркка ээ болгон, өзү болсо ак уул-кызыл кыз төрөп, очор-бачар болгон аялды гана «катын» дешкен. Бул кемсинтүү эмес, тескерисинче – урматтоо. Эмне үчүн «катын» уят, одоно сөз болуп калды?

Муну мындайча түшүндүрүүгө болот. Совет бийлигинин алгачкы жылдарында аялдын абалын жакшыртуу үчүн аёсуз күрөш жүргөнүн билебиз. Кыргыз турмушунда аялды кем туткан фактылар жокко эсе экен. Айрым учурларда жолуккан эки аял алуу фактыларын мындай койгондо, аялдарга паранжы жаппайт экенбиз, аларды ичкериге камабайт экенбиз, аялдар коомдук турмушка, ал эмес эл башкарууга, элди жоодон коргоого, илгертен эле активдүү катышып келген экен. Бул жерде ар кайсы доордо жашаган жана ар бир кыргыз баласына аттын кашкасындай белгилүү Кыз Сайкал, Каныкей, Жаңыл Мырза, Курманжан датка, Бурулча, Апар байбиче, Сайкал эжелердин]] атын атап коюу жетиштүү болот го. Ошентип, кыргыз коомунда илгертен эле иш жүзүндө эркек-аял тең укукта болуптур. Анан биздин туура чабарларыбыз башка эч нерсе табалбай «катын» сөзүн жаманга, одоного чыгарып койбойт бекен. Ошентип, бул сөздү 70-80 жыл бою тепкилеп келбедикпи. Бүгүн бул сөздү актап чыгып, активдүү сөзгө айландырып алганыбыз оң.

Кыргыз тилинин байлыгын пайдалануу керек![оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз тилинин байлыгы турмушубуздун ар кандай тармактарында жаңы терминдерди жарата аларына же мурдагыларды жаңыртып сунуш эте аларына кичине бир мисал катары «учак», «сыналгы», «үналгы», «ажо», «буйрутма», «аким» сыяктуу сөздөрдү (самолет, телевизор, радио, президент, заказ, губернатор же мэр) атасак болот. Сочинениени жазуучулар жазса «чыгарма» болот, ал эми балдар жазса «дилбаян» болот дедик. Жакшы. Эми биздин тилчилерибиз тердеп-тепчип эле кыргызчалата албай келаткан «скидка» терминин алалы. Муну «арзандатуу» деп туура эмес берилип жүргөнүнө эки далил келтирейин. Биринчиден, «арзандатуу» - этиш, бизге болсо зат атооч керек. Экинчиден, анда «распродажа» кандайча кыргызчаланат? Скидкага туура келүүчү сөз кыргыз тилинде барбы? Базарга барып, соодалашып жатканда баарыбыз эле «түшүр, түшүрүп бер» - дейбизго. Демек, «скидка» - «түшүрүм» болот турбайбы. Түрктөр бул сөздү «индирим» дейт экен.

Ундагы клейковина тууралуу айтканда, "ун же камыр чарымдуу" деш керек. Тилибиздеги ушуга уйкаш сөздөрдөн мисал келтирип коёлучу: Чарым, сындырым, ынаным, чабым, көтөрүм, ыйгарым, келим, кетим ж.у.с. Продукцияны “өндүрүм”, продуктуну “азык” десек ылайык болчудай. Порошокту "тоскок" деген ылайык.

КТРда 8-февралдагы "Замана" берүүсүндө үбөлүктү рекламалап жатып, камырдын жоон же ичке жайылышы тууралуу кеп болуп жатат. Бул жерде одоно ката кетип калды. Кыргыз тилинде орустун "толстый" жана "тонкий" деген сөздөрү 4 сөз менен которулат. Жумуру нерселерди "жоон" же "ичке" дейбиз, ал эми жалпак нерселерди "калың" же "жука" дейбиз. Кыргыз тилинин байлыгын туура колдонолу.

Эми, биздин «чоңдорубуз» колдонууга киргизип таштап, биз баш тарта албай келе жаткан айрым терминдерге токтололу. Мисалы, «губернатор», «мэр» терминдери. Россиянын артынан ээрчүүнүн дагы чеги барго. Эч ким бизди мааниси «сатрап» дегенди билдирген, кыргыз элин 1916-жылы кыргынга учураткан орус падышасын эстетип турган «губернатор» деген сөздү киргизип алгыла деп милдеттендирген эмес чыгар. Кошуналарыбыз колдонуп жаткан «аким» терминин эмнеге колдонбойбуз? Область дебей эле, элибиз илгертен колдонуп келген «дуван» терминин эмнеге албайбыз? Тиешелүү башкаруу мекемелерин дуван, район же шаар акимчилиги десек, жетекчилерин дуван акими, район акими, шаар акими, айыл акими десек эмне жаман угулабы? Батыштын ар кандай нерсесине келиндей жүгүнүү – биздин айыкпаган оорубуз окшойт. Балким, аймактык реформалар жүргүзүлсө, "губернатор" термини өзү эле жок болуп кетер. «Мэр», «департамент» деп койсок эле баары өзүнөн-өзү өзгөрүп калчудай көрөбүз. Менимче, адегенде мекеменин же уюмдун, кайсы бир кубулуштун атын эмес, затын өзгөртүү керек болсо керек.

Макул, бул көрүнүштү «эми мурда орун алып калыптыр, атааңдын көрү, өзгөртө албай жатпайбызбы» - деп коёлу.

Аз эле убактан бери, «айыл өкмөтү» дештин ордуна «айыл округу» деп калганыбызга жол болсун. Тили келбеген чал-кемпир муну «айыл өкүрүгү» деп алыптыр. Ушул сөз айкашын өзүңөр айтып туруп, өзүнөр кулак салып көргүлөчү. Кандай угумсуз, кандай жаман сөз? «Округ» деген терминди колдонуш эле керек болсо, анын кыргызча вариантын эмнеге колдонбойбуз? Таштаган эле жерден «аймак», «чөлкөм» деген эки сөздү көрүп турам. Эми «айыл аймагы» же «айыл чөлкөмү» деп үн чыгарып окуп, аны жогорудагы «өкүрүк» менен салыштырып көргүлөчү.

Жер-суу аталыштарынын бурмаланышы[оңдоо | булагын оңдоо]

Жер-суу аталыштарынын бурмаланышы тууралуу да эки ооз кеп айта кетели. 1-ден, бизде жер-суунун атын орусчалап коюп алуу көрүнүшү орун алган. Биз бул жерде Лебединовка, Гавриловка, Покровка, Теплоключенко сыяктуу орустар курган орус кыштактарынын аталышын азыр эле өзгөртүү керек деп жаткан жокпуз. Ал өзүнчө маселе.

Эгемендик алгандан кийин эле "Тёплые Ключи" деп өзгөрүп калган Ала-Арча капчыгайындагы Жылуу-Булакты айтып жатабыз. Буга себепти өзүбүздүн эле белибиздин артыкча ийилгичтигинен издеш керек.

2-бир орун алган көрүнүш: жер-суу аттарын бурмалап туура эмес колдонуу. Мисалы, Боом капчыгайынан бери чыга бериштеги кыштактын туура аты Жел-Арык эмес, Жел-Аргы. Себеби, бул кыштактын жанындагы чоң колоттун аты Жел-Аргы. Колоттон дайыма шамал согуп, б.а. жел аргып турат. Эл кыштагына Жел-Аргы деп ошол жердин атын коюп алган.

Дагы бир-эки мисал. Аламүдүн капчыгайынын баш жагынан орун алган белгилүү жайлоонун аты "Чуңкурчак". Аны бурмалашып, "Чоң-Курчак" деп жазышканын көрүп жүрөбүз. Ошентип, Чуңкурчак жайлоосу чоң куурчакка айланып калды.
"Ала-Арча" капчыгайындагы белгилүү жердин аты "Оруу-Сай" деп тамтаңдап калды. Кээ бир учурда "Оору-Сай" деп да коюшат. Ошол жердеги көп объектилер да ушундай аталышат. Туура аталышы: "Оорук-Сай". Бул жерде бир мезгилде аскердин, б.а. колдун кору (запастары), орусча айтканда "тыл" жайгашса керек. "Оорук" деген "тыл" дегендин кыргызчасы.

Кызыл-Бирлик, Бирлик сыяктуу кыштактардын аттары Кызыл-Берлик, Берлик болуп өзгөрүп кетти. Маршруттук автобустардын биринде "Кун-Туу 8-сом" деген кулактандырууну окудум. Айдоочуга "Кун-Туу" эмес Күнтуу, бул адамдын атынан келип чыккан, туура жаздырып ал деп түшүндүрдүм. Айдоочу болсо, чсңдорубуз ушинтип жаздырып берген деп камырабайт.

Жалал-Абад облусундагы бир кыштактын аты "Жаз-Кечүү" эмес, "Жазы-Кечүү". Ысык-Көл аймагындагы белгилүү жер-суунун аты "Сары-Жаз" эмес, "Сары-Жазы". "Жаз" менен "жазы" сөздөрүнүн айырмасы чоң. Биринчиси, жазгы баар, көктөм мезгилин билдирсе, экинчиси кенендикти, жазылыкты билдирген сын атооч. Мындай көрүнүштөр биздин маңкурт болуп калганыбыздын дагы бир далили. Айтсаң – айыптуу күн, айтпасаң – кокуй күн.

Кыргыздардын өз кебине орусча сөздөрдү шыкап сүйлөгөнүнө жол болсун. Алсак, "үй-бүлө" дебей "семья" дейбиз, "мектеп" дебей "үшкөл" дейбиз, "жарык" дебей, "свет" дейбиз, "басым" дебей "давление" дейбиз. Ушундай отоо сөздөр биздин оозеки кебибизде толтура. "Дажы", "ужу", "тожу", "сапсем", "астанөпкө", "ладна", "дабай", "канешна", "какрас" сыяктуу отоо сөздөрдү айтпай эле, эне тилибизде так, туура жана мазмундуу кеп сүйлөшкө аракет кылсак болбойбу?

2018-жылдын октябрынан бери орун алып келаткан бир өкүнүчтүү нерсеге назар салгылачы! Троллейбус-автобустарда кыргыз тилине кызыктай "жаңылык" киргизген жарыялар айтылат! "Аялдама" деген буга чейин колдонулуп, кулакка сиңген алгылыктуу сөздүн ордуна "аярлама" деген жасалма термин айтыла баштады. "Аярда" же "аярла" деген сөз илгертен эле "абайла", "чеберде" же "этиятта" дегенди билдирип келген. Демекчи, "аярлама" деген сөз "абайлама", "чебердеме" дегенди түшүндүрөт! Ал эми "аялда" деген сөз элибизде "токтой тур" маанисинде колдонулат. Андай болсо, аялдаманын чечмелениши - "токтой турма" болот, "аялды бирдеме кылма" эмес!. Анткени, аялдамада коомдук транспорт токтой турат, анан кайра жүрүп кетет.  Демек, "остановка" кыргызча "аярлама" эмес, "аялдама" болушу туура! Ошондой эле, "аялдама" менен "аял" экөө эки башка сөз экенин айтып коелу.

Ырчы-аткаруучулардын ырдын текстин бурмалап ырдаган фактылары толтура. Бурмаланган сөздөр өздөрү туура болсо да жакшы эмеспи Мисалы, (М.Аликеев, “Мөлмөлүм”дүн текстинде, “...өлбөсө кимге керек деп...” эмес, “...өлсө кимге керек деп...” болушу керек. Айгерим Расул кызы, “18 жаш” деген ырында “...өзүң черик...” деп ырдайт, туурасы “...өзүң шерик...”.

Кыргызча термин жаратууда адегенде өз тилибиздин казынасына, анан тектеш тилдерге, андан кийин ошол терминдин эл аралык даражасына (эгер өзгөртпөй алмакчы болуп жатсак) караганыбыз туура. Өз тилибиздин корунан жаралган мыкты терминдерге мисал катары кайран Касымалы Жантөшев агабыз жараткан математикалык терминдерди айткым келет (бөлчөк, буруш бөлчөк, дурус бөлчөк ж.б.). Өздөштүрүлгөндөргө мисалдар: самоор, керебет, үстөл (орус тилинен), машине, автомобиль, комбайн, компьютер (жалпы эр аралык тилден).

"Ири мүйүздүү мал" (орусчасы - "крупный рогатый скот"), "майда мүйүздүү мал" ("орусчасы - "мелкий рогатый скот" деп калдык. Муну сөзмө-сөз которуу деп коёт. Мал менен өскөн кыргыздар булардын биринчисин -"бодо" же "кара мал", 2-син - "майда жандык" деп эле коёт.

Унутулуп кеткен сөздөрдү термин катары киргизсек. Мисалы, коолу, дагды. Булардын 1-си орусча "указ", 2-си - "опыт" болот(кара: 1-син А.Чоробаевдин "Тайлак баатыр" китебинен, 2-син - И.Арабаевдын "Эл дөөлөтү - эне тил" деген китептеги макаласынан).

Бирок, өздөштүрүлгөн сөздөр төл сөздөрүбүздү сүрүп чыгарбашын байкаш керек. Мисалы, "дос" сөзү "тамыр" созүн, "душман" сөзү "кас" сөзүн, "тажрыйба" "магды" сөзүн сүрүп салган.

Кайсы бир түшүнүктүн жалпы аталышы менен айрым аталыштарын чаташтырбай колдонсок. Мисалы, жалпы аталышыбыз "адам", чоң адамдын эркеги - "киши", ургаачысы - "аял" же "катын". "Тоок" жалпы аталышы, "мекиян" - ургаачысы, "короз" - эркеги. "Уй" жалпы аталышы, эркеги -"бука" (бычылганы "өгүз"), ургаачысы - "инек". "Төө" - жалпы аталышы, ургаачысы - "инген", эркеги -"буура" (бычылганы - "атан"). "Жылкы" - жалпы аталышы, эркеги - "айгыр" (бычылганы -"ат"), ургаачысы - "бээ". Биз бул жерде жогорку жаныбарлардын балдары эмес, чоңдору гана тууралуу кеп кылдык.

Кыргыз тили азыр мурда болуп көрбөгөндөй коргоого муктаж. Батыш серепчилери болжолдогондой, жер бетинен жок болуп кеткибиз келбесе ар кимибиз өз деңгээлибизде козголушубуз зарыл. Момун, мокок кыргыз эли барбыз, чакан болсо да өз алдынча территориясы, мамлекеттик символдорубуз бар, эгер кыргыз дөөлөтү жок болуп кетсе, анда кимди ары-бери калчап башкарарын атка минерлерибиз чоңунан кичинесине чейин акылы менен да, жүрөгү менен да, чөнтөгү менен да түшүнүшү зарыл. Ошол эле учурда, кыргыз тилине камкордук көрүү, аны бардык тараптан өз алына ылайык коргоо - ар бир кыргыздын ыйык милдети.

Орус мамлекети 130 миллиондой адамдын эне тили болгон орус тилин коргоо маселесин колго алып олтурат, Франция парламенти француз тилин коргоо маселесин көтөрүп жатканын билебиз. А биздин башчыларыбыздын, депутаттарыбыздын кыргыз тилинин абалына чындап баш оорутушканын эч кимибиз көрө элекпиз. Мамлекеттик тил тууралуу кабыл алынган шалтурук мыйзамды бул жерде оозго алуунун деле кажаты жок.. Ошондуктан, ар бир «мен кыргызмын» деген адамды өз тилинде таза, так жана мазмундуу сүйлөй билүүгө, жана бул ишти өзүнөн жана өз үй-бүлөсүнөн баштоого чакырар элек. Бала ыйлабаса, эмчек кайда?

Адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]




  • ISBN

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]