Кыргыз туусу (гезит)

Википедия дан
Кыргыз Туусу
Түрү

Коомдук—Саясат


Негизделгени

7-ноябрь 1924-жыл

Саны

20, 000

Башкы офиси

Бишкек


Сайты: kyrgyztuusu.kg

«Кыргыз туусу» — улуттук башкы гезит. Мурда Кыргызстан КП БКнын, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиуму менен Министрлер Советинин органы болгон.

1924-жылдын 7-ноябрында «Эркин -Тоо» деген ат менен араб тамгасында биринчи саны жарыкка чыккан. Гезиттин алгачкы алты саны Ташкенттен, ал эми жетинчи санынан баштап Пишпектен чыгарыла баштаган. Аны чыгарууга 4 эле киши катышкан: биринчи редактору: О. Алиев, жооптуу секретары: С. Карачев, кабарчысы: X. Карасаев, корректору: М. Акматов болгон. 1927-жылдан «Кызыл Кыргызстан», 1956-жылдан «Советтик Кыргызстан», 1991-жылдан «Кыргыз Туусу» болуп өзгөргөн. Коомдук-саясий, экономикалык, маданий жана социалдык ж. б. маселелерди камтыйт. «Кыргыз туусу» Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган (1958).

Башкы редакторлору: О. Алиев (1924—26), Ш. Көкөнов (1925—27), К. Тыныстанов (1925), Т. Айтматов (1926), Б. Исакеев (1927), К. Рахматуллин (1927—36), А. Токомбаев (1928), С. Сарманов (1936—37), М. Токобаев (1937—38), М. Дөгдүров (1940—44), А. Сопиев (1944—55), К. Каракеев (1946—49), Т. Усубалиев (1955—56), А. Токомбаев (1956—58), Т. Суванбердиев ( 1958—63), Н. Жаналиев (1963—70), А. Абакиров (1970—72), Ж. Турсунов (1972—86), Т. Ишемкулов (1986—93), К. Раматов (1994—96), А. Матисаков (1993—94; 1996—2005), Ж. Саалаев (2006—08), К. Молдокасымов (2008—10), Б. Орунбеков (2005—06; 2010-жылдан).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]