Кыргыз футбол биримдиги
| Кыргыз футбол биримдиги | |
| ' | |
| Негизделген |
1992-жыл |
|---|---|
| ФИФАга кошулуусу |
1994-жыл |
| АФК кошулуусу |
1994-жыл |
| Президенти | |
| Кураманын машыктыруучусу | |
| Сайты | |
Кыргыз футбол биримдиги, кыскартмасы КФБ, мурунку аталышы Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы (ФФКР) — Кыргыз Республикасында футболдун бардык түрлөрүн өнүктүрүүгө жана жайылтууга багытталган уюм. Кыргыз футбол биримдигинин негизги максаты — өлкө аймагында футболду жана анын бардык түрлөрүн, анын ичинде футзал менен пляждык футболду өнүктүрүү, кеңири жайылтуу жана коомчулук арасында таанытуу болуп саналат. Ошону менен бирге уюм ар түрдүү мелдештерди жана спорттук иш-чараларды уюштурат, улуттук курама командалар үчүн шарт түзөт жана футбол аркылуу жарандардын ден соолугун чыңдоого, сергек жашоо образын калыптандырууга, ошондой эле инсандын гармониялуу өнүгүшүнө салым кошот. Өлкөнүн улуттук чемпионаттары Кыргыз профессионалдык футбол лигасы менен биргеликте өткөрүлөт. КПФЛ Кыргызстандагы экинчи негизги футбол уюму катары бул процесске активдүү катышат. 2019-жылы уюм жаңы юридикалык макамга өткөн. Ошондон тартып ал «Юридикалык жактардын бирикмеси — Кыргыз футбол биримдиги» деген расмий аталыш менен иш алып барууда[1].
Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы 1992-жылы түзүлгөн. 2019-жылы Кыргыз футбол биримдиги болуп өзгөртүрүлгөн. Кыргыз футбол биримдиги ФИФА жана АФК тарабынан таанылган, Кыргызстандагы футболдун өнүгүшүнө көзөмөл жүргүзгөн жалгыз уюм. КФБ 1994-жылы ФИФАга да АФКга да мүчө болуп кирген[1].
КФБнын улуттук стадиону — Д.Өмүрзаков атындагы стадион.
Башкаруу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Аты-жөнү[2] | Позициясы[2] |
|---|---|
| Президент | |
| Биринчи вице-президент | |
| Башкы катчы | |
| Вице-президент | |
| Вице-президент | |
| Вице-президент | |
| Вице-президент | |
| Аткаруу комитетинин мүчөсү | |
| Аткаруу комитетинин мүчөсү | |
| Аткаруу комитетинин мүчөсү | |
| Аткаруу комитетинин мүчөсү | |
| Аткаруу комитетинин мүчөсү | |
| Аткаруу комитетинин мүчөсү | |
| Аткаруу комитетинин мүчөсү | |
| Аткаруу комитетинин мүчөсү | |
| Аткаруу комитетинин мүчөсү |
Президенттер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Амангелди Муралиев (1992—2008)
- Айбек Алыбаев (2009—2012)
- Семетей Султанов (2012-жылдын декабры — 2010-жылдын февралы)
- Канатбек Маматов (2019-жылдын февралы — 2021-жылдын октябры)
- Медербек Сыдыков (2021-жылдын октябры — 2024-жыдын февралы)
- Камчыбек Ташиев (2024-жылдын февралынан тарта)[3][2]
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1 2 Союз туралу. Кыргыз футбол биримдиги. Текшерилген күнү 9 -январь (үчтүн айы) 2026.
- 1 2 3 Аткаруучу комитет. Кыргыз футбол биримдиги. Текшерилген күнү 9 -январь (үчтүн айы) 2026.
- ↑ ТАШИЕВ КАМЧЫБЕК КЫДЫРШАЕВИЧ ИЗБРАН НОВЫМ ПРЕЗИДЕНТОМ КЫРГЫЗСКОГО ФУТБОЛЬНОГО СОЮЗА. Кыргыз футбол биримдиги. Текшерилген күнү 9 -январь (үчтүн айы) 2026.
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Расмий сайты (кырг.) (англ.) (орусча)