Кыргыз элинин астрономиялык билимдери

Википедия дан

Жылдыздарды бир карап туруп эле,
Айдын, күндүн эсебин түшүнгөн эл.
Жыпара Исабаева

Кыргыздар жылдыздарга, Айга, Күнгө кылдат байкоо жүргүзүп келген байыркы элдерден. Анткени малды чыгашасыз багуу үчүн жаратылыштын сырларын өздөштүрүү зарылдыгы болгон. Ошондуктан Үркөр (Үркөрдү кыргыздар элек жылдыз деп да аташкан), Толтойдун огу, Үч аркар, Чоң Жетиген, Кичи Жетиген, Алтын казык, Сары жылдыз, Чолпон, Тараза, Балбылдак жылдыз, Саманчы жолу сыяктуу жылдыздарга карата убакытты, багытты аныкташкан. Үркөрдүн жердеги тиричиликке таасир этээрин байыртадан эле билишкен. Үркөр батышта жерге жакындаганда жаз келет, Үркөр батмайын жерге жылуулук кирбейт, таң алдында чыкканда жай бүтөт, шүүдүрүм түшөт. Үркөр көтөрүлгөндө күз келип, так төбөгө келгенде кыш ортолоп калат (токсон түшөт, ушул учурда жерде тоң кармалып турат). Үркөр кышында даана көрүнүп, апрелдин орто ченинен баштап көрүнбөй калат (батат). Ай сөзсүз түрдө Үркөр топ жылдызына жакындап, тогошкон учурда жаңырат. Ай сайын Айдын Үркөр топ жылдызына жакындашуусу "Тогол" деп аталат. "Тогол" - бул кыргыз элинин көп жылдык байкоолоруна негизделген өзүнчө бир астрономиялык билими - Ай календары болуп эсептелет. Тогол жыл сайын бир күнгө туура келбейт, өзгөрүп турат. Тогол күндөр адамга гана эмес, жан-жаныбарларга да жагымсыз, ал түгүл алар үңкүрлөрүнөн чыгышпайт. Оорулуу адамдар шалдырап, эч нерсеге көңүлү чаппай калганын баамдашат. Айлардын атын "тогол" аты менен атоо кыргыздарга гана таандык.

Ал эми кыргыз элинин түнгүнүгү боюнча Жалган куран келгенде - 7 тогол айы жаңырганда Жаңы жыл башталат. 22- декабрь эң кыска күн, 22-июнь эң кыска түн болот. 8-январдан 18-февралга чейин 40 күнгө созулган кыш чилде (бул айды кыргыздар күн кыскалыгынан ай" деп лакап кылышкан), 8- июлдан 18-августка чейин 40 күнгө созулган жай чилде болот. Жазгы күн-түн теңелүү 21-мартка, күзгү күн-түн теңелүү 23-сентябрга туура келет. 28-январдан 11- февралга чейинки 15 күн "үт" деп аталып, кар ошол мезгилде өзгөчө калың жаайт.

Эл ичинде табият кубулуштарын - аба ырайын жылдыздардын (айдын жаңырышы, толушу, тоголдун качан болору) жайгашуусуна карап алдын ала так айткан эсепчилер, жайчылар (мисалы, Көлдө Маанеке, Кочкордо Эсенбай, Ат- Башыда Күчүк ж.б.) болгон. Малдын куутун да Үркөргө карап аныкташкан. Жыл эсебин мүчөл тартибинде аныкташкан.

Айдын түрпөйүнө, башкача айтканда ай чалкалап же иймейип жаңырганына жараша ошол айдын жаанчыл же кургакчыл болоорун, кайсыл күнү эгин сепсе өнүмдүү болоорун, күндүн чыгышы менен батышына карата эртеси күн кандай болоорун айтышкан. Айдын чалкак жаңырганы - элге тынчы жок, иймейип жаңырганы өзүнө тынчы жок болот дешкен. Келгин куштардын келишине, асмандагы жылдыздардын жайгашуусуна ж.б. дыкат көзөмөл салып турушкан. Айдын, жылдыздардын дыйканчылыкка - айыл чарба өсүмдүктөрүнө таасирин жакшы билишкен. Элдик тажрыйбада тал-теректи ай толгуча отургузган жакшы. Ошондой эле сабагы түшүм берүүчү өсүмдүктөрдү (коон, дарбыз, ашкабак ж.б.) ай жаңыргандан кийин айдаса түшүм мол болоорун билишкен. Анткени биоэнергия жогору карай кетет. Ал эми тамыры түшүм берүүчү өсүмдүктөрдү (сабиз, пияз, картөшкө, жер жаңгак ж.б.) ай кемий баштаганда айдаса түшүм жакшы болот. Биоэнергия төмөн жакка топтолот. Үркөр чыгыш тараптан көрүнгөндөн кийин өсүмдүктөр тез өсө баштаганы байкалат. Элдик табыптар ушул убактан баштап бейтаптарга кымыз ичиришкен эмес. Дан эгиндерин (арпа, буудай, сулу) Үркөр батканга чейин себишкен. Андан кийин себилген эгин бышпай, кар астында калат. Үркөр баткандан кийин жүгөрү, таруу, конок, күрүч ж.б. себилет. Ай жаңырган, толгон учурларда 2-3 күн мурда жана 2-3 күн кийин эч нерсе айдоого болбойт. Анткени бул учурда Ай фазасы алмаша турган күндөр болгондуктан, себилген үрөн чыкпай калаарын, же чыкса да аз гана түшүм берерин билишкен. Бул күндөрдү ай арасы же "арсар күн" деп аташкан. Ай арасы кандай болгонуна жараша кийинки ай, жыл кандай болоору баамдалган.

Биздин ата-бабаларыбыздын жьш санагы - Ай календары болгону азыр далилденүүдө. Байыркы ханзу тарыхынын маалыматтарына Караганда Энесай кыргыздары түрк тилинде сүйлөгөн тайпалардын ичинде эң алгачкылардан болуп туруктуу календарга ээ болушкан. Алар жьш башын "баш ай" деп атаган жана үч айды бир мезгил деп эсептеп, ар бир мезгилди жаз, жай, күз, кыш деген наамдар менен атаган. Бир жылды 12 айга айрып, аларды 1-баш ай, 2-корук ай, 3-күкүк ай, 4-чилде ай, 5-сарыча ай, 6-кыркүйөк ай, 7-мизам ай, 8-карача ай, 9-казан (согуш) ай, 10-каңжар ай, ll-акпаң ай (кара ай), 12-чил ай (соң ай) деп аталган. Кийинчерээк айлар азыркыча аталган. Башкача айтканда Бирдин айы (январь), Жалган куран (февраль), Чын куран (март), Бугу (апрель), Кулжа (май), Теке (июнь), Баш оона (июль), Аяк оона (август), Тогуздун айы (сентябрь), Жетинин айы (октябрь), Бештин айы (ноябрь), Үчтүн айы (декабрь).

Кыргыз элинин астрономиялык билимдери, "тогол", "арсар ай", "арсар күн" деген түшүнүктөрү, аларды кайрадан элдин эсине салуу жөнүндө көп жылдардан бери белгилүү адис Торон Жумаев, изилдөөчүлөр Дастан Сарыгулов, Кабылбек Жумабаев ж.б. көп эмгектенип келишет.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кадыров Ысмайыл. Кыргыз маданиятынан тамган тамчылар. –Б.: 2011. – 208 б.