Кыргыз элчиликтери

Википедия дан

• 648­ж. июлда - Кытайга кыргыз элчилиги баргандыгы жөнүндө маалымат бар.

• Тарых маалыматтарына таянсак кыргыздардын Енисей доорундагы элчиси 38 жаштагы Эрен Улуг болгон. Ал кыргыз ажосу Барсбектин тапшыруусу менен 711-ж. Тибет ханына элчиликке барган, бирок андан кийинки тагдыры белгисиз боюнча калган.

• Кытайга барган алгачкы кыргыз элчилиги жөнүндө бизге так маалымат 1758 ­жылга тиешелүү. Ушул жылы Черикчи бий Темир уулу жетектеген кыргыз элчилери Пекинде Кытай императорунун кабыл алуусунда болуп, алардын бийлигин тааныгандыгын ооз жүзүндө билдиришкен жана согуштук жөнү менен таанышып кайтышкан. Кытай императору Черикчи бийге 3-­даражадагы чиндик белги ыйгарган.

• Соңку кылымдагы кыргыз элинин алгачкы дипломаты, эл аралык мамиле ырашкерлигинин негиздөөчүсү - Кыдыр аке.

• Орусияга 1­кыргыз элчилигин 1785­ж. сарыбагыш уруусунун бийи Атаке баатыр Тынай уулу орус императору Екатерина IIге жиберген. Элчилердин башчысы Абдырахман Алкучак уулу (чын аты Карыганбай) болгон. Элчилерди Орусия борбору Санкт-­Петербургда 1786 ­ж. 15­ мартта Екатерина II салтанаттуу кабыл алган. 18-­кылымда кыргыз дипломатиясына чыйыр салууга алгачкы аракеттерди жасаган Атаке баатыр орус мамлекети менен байланышты чыңдоону көздөп 1788­ ж. Омбу шаарына дагы бир ирет элчилерин жиберген. 1789 ­ж. 2­-январда Абдырахман Алкучак уулу баштаган кыргыз элчилери Омбу шаарына келишкен.

Ысыккөл өрөөнүнөн Орусияга барган 1-­кыргыз элчилигин 1813 ­ж. 21-­ноябрда бугу уруусунун бийлөөчүлөрү жөнөткөн. Качыбек Шералы уулу, Жакыпбек Ниязбек уулу баштаган элчилер 1814 ­ж. 5-­январда Семейге келишкен. Тобольск шаарында Батыш Сибирдин генерал­-губернатору элчилерди кабыл алган. Алардын Петербургга баруу жана Орусия императоруна жолугуу өтүнүчү канааттандырылган эмес. Элчилерге орус армиясынын капитаны чини берилген.

• Кыргызстандын Москвадагы туруктуу өкүлдүгү 1924 ­ж. декабрда уюштурулган. Биринчи өкүлү Т.Токбаев болгон. Кыргыздан чыккан алгачкы элчилердин бири Закон Турдукулов, ал 1955-ж. элчи болгон, чет тилин билген 1-кыргыз адиси.

• Совет мезгилиндеги дипломатиялык кызмат расмий түрдө 1944-ж. башталган. Ушул жылы Кыргыз ССР Тышкы иштер эл комиссары уштурулуп, К.Дикамбаев комиссар болуп дайындалган.

• 1958­ж. 21­-ноябрда Кыргыз ССРинин чет өлкөлөр менен достук жана маданият байланыш коому уюшулган.

• Алгачкы кесипкөй кыргыз дипломаты - Талгарбек Сарбанов. Ал 1957-60 ­ж. Москвадагы дипломатиялык академияда окуп, 1960­ж. БУУдагы СССРдин өкүлчүлүгүнө жиберилген. 1961­ жылдан Мексикада иштеген. Т.Сарбанов АКШда, дегеле Америка континентинде кызмат өтөгөн алгачкы кыргыз.

• СССР кулагандан кийин Кыргыз Республикасы кирген жаңы союз КМШ (Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги) деп аталып, 1991­ж. 21-­декабрда түзүлгөн. Ал күнү Алматы декларациясы кабыл алынып, анда өз ара кызматташууга мурунку СССРдин курамынан бөлүнүп чыккан эгемендүү 9 мамлекет кол койгон.

• Кыргыз Республикасынын көз каранды эместигин 1-­болуп 1991 ­жылдын 27-­декабрында АКШ тааныган.

• 1992 ­жылдын 1-­февралында Орто Азиянын жана Кыргызстандын тарыхында 1-­жолу Бишкекте АКШнын жана Вашингтондо Кыргыз Республикасынын элчилиги ачылган. Бул республикадагы 1-­дипломатиялык өкүлчүлүк болгон. Ушул эле жылы Кытайдын, Германиянын, Россия Федерациясынын элчиликтери иштей баштаган.

• 1992 ­жылдан тартып КР эл аралык абройлуу уюмдарга тең укуктуу мүчө боло баштады. 1992­ж. 30-­январда ОБСЕге мүчө болгон. 2-­мартта тарыхта 1-­жолу БУУнун (Бириккен Улуттар Уюму) мүчөлүгүнө кабыл алынып, ошол эле күнү БУУнун Нью-­Йорктогу имаратынын алдында Кыргызстандын мамлекеттик желеги илинген.

• 1998­ж. 14­-октябрда Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен 1-­болуп Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун 131-­мүчөсү болуп кабыл алынган.