Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк
Kyrgyz etnografiya sozdugu.jpg
Автору Каратаев О.К., Эралиев С.Н.
Нукура аталышы Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк
Өлкөсү Кыргыз Республикасы
Тили кыргыз
Темасы Кыргыз этнографиясы
Жанры сөздүк
Медианын түрү китеп
Беттери 600
ISBN 9967-13-159-4

Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк - сөздүк Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Окумуштуулар Кеңеши тарабынан окуу куралы катары сунуш этилген. Сөздүк кыргыз этнографиясы (этнологиясы) боюнча жарык көрүп жаткан өз алдынча эмгек болуп саналат. Сөздүккө кыргыздардын теги, каада-салттары, материалдык жана руханий маданиятынын үлгүлөрү, үй-бүлө жана нике маселелери, чарба жүргүзүүсүнүн өзгөчөлүктөрүн чагылдырган жана башка кеңири нуктагы илимий жаңы маалыматтар киргизилди. Эмгек «Кыргыз этнографиясы», «Жалпы этнография», «Алгачкы коомдун тарыхы» предметтери боюнча окуу куралы катары сунуш этилет. Мындан сырткары, мугалимдерге, аспиранттарга, жогорку окуу жайлардын окутуучуларына, илимий кызматкерлерге арналып жазылды жана элибиздин тарыхын аздектеп окугусу келген ар кимди кайдыгер калтырбайт.

Түзүүчүлөр[оңдоо | булагын оңдоо]