Кырк-Кечүү

Википедия дан
Кырккечүү суусу‎»‎ барагынан багытталды)

Кырк-Кечүү, Кырк Кечик — Ак-Бууранын оң куймасы; Кара-Суу районунундагы суу. Узундугу 45 км, алабынын аянты 425 км2. Алай кырка тоосунун түндүк-чыгыш тармагы Ак-Туур тоосунун түндүк-батыш капталынан башталат.13 куймасы бар; ирилери: Берксуу, Талды-Булак (сол). Негизинен кар, мөңгү сууларынан куралат. Жылдык орточо чыгымы 3,10 м3/сек. Эң көбү июнь—июлда, эң азы февралда байкалат. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Чыргай, Кызыл-Ой, Ак-Терек ж. б. кыштактар жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]