Мазмунга өтүү

Кыркол кум-шагыл кени

Википедия — ачык энциклопедия

Кыркол кум-шагыл кени - Ош облусунун Ноокат районунда, Кызыл-Кыя шаарынан 20 км чыгышта, деңиз деңгээлинен 1640 м бийикте. 1985-жылы изилденген. Пайдалуу катмар байыркы төртүнчүлүк мезгилинде пайда болгон кум-шагыл кошулмасынан турат. Калыңдыгы 3 мден 60 мге чейин, туурасы 200—1300 м. Кум-шагыл кошулмасынын ичинде 12,3% койташ, 58,8% шагыл, 28,9% кум бар. Кум-шагыл бетон, асфальт бетонун даярдоого, курулуш иштерине жарамдуу. Запасы В категориясы боюнча 2028 миң м3, С — 1994 миң м3.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]