Кырк-Каракчы тоосу

Википедия дан
Кырк каракчы тоосу‎»‎ барагынан багытталды)

Кырк-Каракчы тоосуИсфана өрөөнүнүн түндүгүндө кеңдик багытта 22 кмге созулуп жатат. Туурасы 5 км. Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 1800—1900 м, эң бийик жери 2272 м. Тоонун кыры тайпаң, анда-санда тик чокулар кездешет. Капталдары жантайыңкы, кокту-колоттору аз. Палеогендин чопо, алевролит, кумдук, акиташ теги, доломит жана гипс тектеринен турат. Көмүр кени бар. Тоонун ландшафттары негизинен кургакчыл келип, чөл, жарым чөл, кургак талаа жана талаадан турат. Каптал-жондору чөп-чабынды, жайыт катары пайдаланылат; кайрак эгин айдалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]