Кырк чоронун ордосу

Википедия дан

Кырк чоронун ордосу Кочкордун түндүк-батыш тарабындагы Кара-Тоонун үстүндөгү түздүк. Узун-туурасы бир гектардай болгон ачык жай, ордо ойногондой тегерек, ортосунда кан жайгашкандай кичинекей белгиси бар. Элдик уламыш боюнча кырк чоросу менен ордо ойноп жаткан Манас Шамшы айылы тараптан үрккөн жылкылардын алдын тороп Кара-Тоодон таш ыргыткан дешет. Ошол таштар ээн талаада, ар кайсы жерде (10дой) ар кандай көлөмдө (эң чоңунун туурасы —2, 5, узуну 3,5, бийиктиги 3 м) жатат. Мындан тышкары ошол ордо ойногон жайыктан ылдый «Манастын үңкүрү», анын жанында «Аккуланын жер чапчыган изи» жатат. Үңкүр топурак ташка толуп, орду эле калган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4