Кыртыштын инженердик-геологиялык классификациясы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Кыртыштын инженердик-геологиялык классификациясы — топурак кыртышынын жана бардык тоо тектердин инженердик-геологиялык жиктелиши. Жалпы, региондук, тармактык, жекече түрлөргө бөлүнөт. 1957-жылдагы жиктелиши боюнча монолиттүү (аска-зоокалуу) жана кесек талкаланган бөлүкчө деген түрлөрдөн турат. Монолит — бек, нык, бышык, бузулбаган, талкаланбаган тектер. Кристаллдык же камдашкан түзүлүшкө ээ. Талкаланган тектер борпоң, көзөнөкчөлүү, байланыштары жок. Магмалык (гранит, диорит, базальт), метаморфизмделген (гнейс, кварцит, мрамор), кээ бир чөкмө тектер (кумдук, конгломерат ж. б.) монолиттүү түзүлүшкө ээ. Талкаланган тектерге шагыл, кум, чопо кирет. Ар кандай белгилерине жараша мындай классификация өз ичинен бир нече топторго жана түрлөргө бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]