Кыртыштын суу режими

Википедия дан

Кыртыштын суу режими — топурак кыртышынын нымдуулугу, суу сиңириши, суунун кыртыштагы кыймыл-аракети, чыгымдалышы, өсүмдүктөргө сиңиши. Мында топурак кыртышынын пайда болушу жана түшүм берүү жөндөмдүүлүгү негизги факторлордон болуп саналат. Нымдуулук атмосфералык жаан-чачынга, кыртыш суусунун тереңдигине, аз-көбүнө, тоо тектеринин механикалык курамына байланыштуу. Кыртыш канчалык борпоң жана майда көзөнөкчөлүү болсо, ошончолук ным көп болот. Чополуу кыртышта ным капилляр көзөнөкчөлөрү аркылуу өтө жай кыймыл-аракетке келип, 4 м бийиктикке көтөрүлөт. Борпоң кыртышта ным бийик көтөрүлбөй, кыртышка тез тарап кетет. Суу кыртыштын курамында суюк, буу, муз, ным түрүндө жолугат. Жабышкак, бош, эркин абалда болот. Бош суу оордук күчүнүн таасири астында кыймыл-аракетке келет, агат, сиңет. Топурак кыртышындагы нымдын сакталышы айдап себүүгө, сугарууга, структурасын өзгөртүүгө, кыртыштын курамына, түзүлүшүнө, физикалык касиеттерине, климаттык шартка, аба ырайына, өсүмдүктөрдүн түрлөрүнө байланыштуу болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]