Кыртыштын чөгүп кетиши
Кыртыштын чөгүп кетиши — нымдалган кыртыштын көлөмүнүн кичирейиши, басырылышы, ныкталышы. Өз ичинен салыштырмалуу чөгүүдөн жана чөгүү башталган басымдан турат. Кыртыш нымдалганда салмагынын, оордук күчүнүн таасиринен басырылышы, ныгырылышы чөгүү башталган басым деп, ал эми нымдалган кыртыштын көлөмүнүн кичирейиши салыштырмалуу чөгүү деп аталат. Курулуш иштеринде 0,3 МПа (3,0 кг/см2) барабар болгон басым кабыл алынат. Жаратылышта кыртыштын чөгүп кетиши 2 типтен турат. 1-типте чөгүп кетүү 5 смден ашпайт. 2-типте 5 смден көп болот. 2-тип кездешкен кыртышта курулуш куруу иштери өзгөчө эреже менен жүргүзүлөт.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9