Кыртыш суулары

Википедия дан

Кыртыш суулары — жер астындагы суулар. Кыртыштын арасынан орун алып, суу өткөрбөс катмардын үстүндө жатат. Жаан, агын суулар, көл, саз сууларынан пайда болот. Өлчөмү жаан-чачынга байланыштуу. Дайыма өзгөрүп турат. Кургакчылыкта деңгээли төмөн түшүп, жаандуу күндөрдө көтөрүлөт, курамы, өлчөмү, температурасы өзгөрөт. Нымдуу климатта хлориддер, сульфаттар эрип, кыртышка сиңет. Кургакчылыкта суу бууга айланып, шор пайда болот. Тереңдикте суу көбөйөт, салмагы артат, басымы жогорулайт. Бул көрүнүш климаттык шартка байланыштуу. Элди суу менен камсыз кылууда, сугат тармактарында кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]