Кырчаңгы

Википедия дан

Кырчаңгы - жылкынын инвазиялуу ылаңы.

Ал башка малда котур деген ат менен белгилүү. Ылаңды Acarus siru var equi козгойт. Мите теринин эпидермасында өсүп көбөйөт. Кене териге сиркелейт. Сирке 3 - 4 күндө куртка, андан 15 - 20 күндө чоң кенеге айланат. Кене 40 - 50 кун жашайт, Кырчаңгы таза жылкыга дарттуу жылкыдан жугат. Башында, мойнунда Кырчаңгы исиркек пайда болот да, өзгөчө түнкүсүн, жылуу короо-сарайда катуу кычышат. Арык малда бат эле денесине жайылып кетет. Дайыма кашынгандыктан тери жараланып, карттанып, асты чылпылдап суу болот.

Дарттуу жерин кашыса, жылкы үстүңкү эрдин кыймылдатып турат. Ылаңдуу жылкыны өзүнчө болуп, газ камерада дарылоо жакшы натыйжа берет. Анын уз. 2,4 м, туурасы 0,9 м, бийиктиги 1,9 м, жылкынын тумшугу чыгып тургандай терезеси бар. Мурин линиментин 3 күн сүйкөп, төртүнчү күнү жууп салат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.