Микротолкун меши

Википедия дан
Кыска толкундуу меш‎»‎ барагынан багытталды)
Заманбап микротолкун меши (2016-ж)

Микротолкун меши, кыска толкундуу меш – электр-магниттик нурлануу энергиясы менен иштөөчү жылыткыч түзүлүш. Анда тамак-аш өтө тез ысыйт жана бышат. Микротолкун мешинде ар кандай узундуктагы (миллиметрдик, сантиметрдик жана дециметрдик) диапазондуу радиотолкундар же өтө жогорку жыштыктагы электр-магнит талаасы пайдаланылат. Тамак-аш толук жылытылбай калганда бактериялар тирүү калып, уулануу коркунучу болот. Ошондой эле өнөр жай микротолкун меши да бар. Анда дан ысытылып, курт-кумурскалардан арылтылат, ошондой эле жыгач кургатууда да пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]