Кытайдагы адам укуктарынын абалы
Кытай Эл Республикасындагы адам укуктарынын абалы көптөгөн мамлекеттер жана укук коргоо уюмдары тарабынан олуттуу даттанууларга алып келүүдө. Бир нече булактар, анын ичинде Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаменти, Кытай Эл Республикасындагы адам укуктары боюнча жылдык отчетторун жарыялап келет. Эмнести Интернейшнал жана Хьюман Райтс Вотч сыяктуу башка уюмдардын изилдөөлөрү менен бирге бул отчеттор КЭРде эл аралык таанылган адам укуктары стандарттарынын бузулушун документтештирет [1] [2] .
Кытай өкмөтү адам укуктары жашоо деңгээлинин, ден соолуктун жана экономикалык бакубаттуулуктун көрсөткүчтөрүн камтышы керек деп, бул жааттагы прогрессти белгилейт .
Кытайдагы адам укуктары боюнча талаштуу маселелерге өлүм жазасы саясаты, Тибет автономиялык району менен Синьцзян-Уйгур автономиялык райондорундагы этникалык элдердин маданий интеграциялоо саясаты, басма сөз жана диний эркиндиктин корголбогондугу кирет [1] [2] . Ошондой эле, Фалунгун руханий тажрыйбасынын жолдоочулары Кытайда дене мүчөлөрүн мажбурлап алып салуу аракетине дуушар болгондугу белгилүү болуп, 2013-жылдын 12-декабрында бул маселе боюнча "Европарламенттин Кытайдагы адам органдарын мажбурлап алуу боюнча резолюциясы кабыл алынган"[3] .
Бир катар уюмдар Кытайдагы адам укуктарынын абалын жакшыртуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү иштерин алып барышат. Алардын катарында "Amnesty International", "Human Rights Watch", "Адам укуктары Кытайда", "Кытайдагы укук коргоочулар", жана "Кытайдагы укук коргоочу юристтердин тобу" бар.
2004-жылы март айында өткөн 10-Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын 2-сессиясында Кытай Эл Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөр кириктүү добуштардын басымдуу көпчүлүгү менен кабыл алынып, ага биринчи жолу “адам укуктары” жөнүндөгү беренелер киргизилген, анда «мамлекет адамдын укуктарын урматтайт жана кепилдик берет» деп так жазылган.
Адам укуктары боюнча эл аралык келишимдерде катышуу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| БУУнун негизги документтери[4] | КЭР катышат |
| Баардык рассалык басмырлоонун (дискриминациялоонун) түрлөрүн жок кылуу (ликвидациялоо) боюнча келишим (конвенция) | 1981 ж. кошулган |
| Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык макулдашуу (пакт) | 1998 ж. кол коюлган |
| Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык макулдашууга Факультативдик Протокол | Кол коюлбаган |
| Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык макулдашууга экинчи Факультативдик Протокол | Кол коюлбаган |
| Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар боюнча эл аралык макулдашуу | 2001 ж. ратификацияланган |
| Аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө конвенция | 1980 ж. ратификацияланган |
| Аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жою жөнүндө конвенцияга Факультативдик Протокол | Кол коюлбаган |
| Кыйноолорго жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге же жазага каршы конвенция | 1988 ж. ратификацияланган |
| Кыйноолорго жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты юасмырлаган мамилеге же жазага каршы конвенцияга карата Факультативдик Протокол | Кол коюлбаган |
| Баланын укуктары жөнүндө конфенция | 1992 ж. ратификацияланган |
| Балдардын куралдуу кагылышууларга катышуусу жөнүндө балдар укуктары жөнүндө конвенцияга карата Факультативдик Протокол | 2008 ж. ратификацияланган |
| Балдарды сатуу, балдар сойкулугу жана балдар порнографиясы боюнча Балдардын укуктары жөнүндө конвенцияга карата Факультативдик Протокол | 2002 ж. ратификацияланган |
| Бардык эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо боюнча эл аралык конвенция | Кол коюлбаган |
| Майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча конвенция | 2008 ж. ратификацияланган |
| Майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча конвенцияга Факультативный Протокол | Кол коюлбаган |
Жарандык эркиндик
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Сөз эркиндиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кытайда сөз эркиндиги конституция тарабынан кепилденген, бирок иш жүзүндө бардык маалымат булактары, анын ичинде өлкөгө жеткирилген чет элдик тасмалар, китептер жана видео оюндар да көзөмөлдөнөт. Басма сөз эркиндигинин индексине ылайык, Кытай 2017-жылы медианын көз карандысыздыгы боюнча 180 өлкөнүн ичинен 176-орунда турган.
Кытайда көз карандысыз басма сөз дээрлик жок, дээрлик бардык баса сөз уюмдары мамлекетке же Коммунисттик партияга таандык. Бийликти сындагандар репрессияга дуушар болушат [5] .
Диний эркиндик
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кытайда дин эркиндиги саясат менен тыгыз байланышта. Бийлик беш салттуу динди ( буддизм, даосизм, ислам, католицизм жана протестантизмди ) тааныйт жана алардын институттарын көзөмөлдөө системасын орноткон. Ошол эле учурда, Гуанин кудайына, Фалунгунга жана Чжунгунга сыйынууга ( цигон көнүгүүлөрү) өкмөт тыюу салат. Мисалы, "жер астындагы" чиркөөнүн иш-аракеттери " Нанле округунун христиан чиркөөсү" мыйзамсыз деп эсептелет [6] .
Бир балалуу болуу саясаты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1979-жылдан 2015-жылга чейин Кытайда бир үй-бүлөдө бирден ашык балалуу болууга уруксат берилген эмес (бир катар өзгөчөлүктөр менен). Учурда үч балага чейин уруксат берилген.
Өлүм жазасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кылмыштын 46 түрү боюнча (2016-жылдын башына карата), анын ичинде баңги заттарды сатуу жана коррупция боюнча өлүм жазасы каралган . Кытай мызамы өлтүрүлгөндөн кийин өлүк адам дене мүчөлөрүн трансплантациялоо үчүн колдонуу уруксатын берген . Бирок, КЭРде өлүм жазасын акырындык менен алып салуу тенденциясы байкалууда, мисалы, 2015-жылы 9 кылмыш өлүм жазасына тартылуучу аракеттердин тизмесинен чыгарылган [7].
Басмырлоолор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тибет автономиялуу району
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1960-жылы августта Эл аралык юристтер комиссиясы өз баяндамасында «Тибеттиктерди диний топ катары жок кылуу аракети менен геноцид аракеттери жасалганын» белгилеген [8] . 1992-жылы Amnesty International укук коргоо уюму Тибетти "КЭР пенитенциардык системасынын кыйноо лабораториясы" деп атаган [9] .
Синьцзян-Уйгур автономиялуу району
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2014-жылдан бери Синьцзян-Уйгур автономиялык районунда ислам динин тутунган кытай жарандарын тергөөсүз, соттун чечимисиз, эч кандай айыптоосуз жана эч кандай чектөөсүз мажбурлап кармоо үчүн “кайра тарбиялоо лагерлери” бар экени тууралуу маалыматтар чыга баштаган [10] [11] [12] .
КЭР өкмөтү “экстремисттик идеологиялык тарбияны жүргүзүү” үчүн “кесиптик окуу борборлорун” түзүү зарылдыгын жарыялаган [13], Аймактагы бардык чиновниктер жана полиция кызматкерлери “Коммунисттик партиянын ишенимдүү мүчөлөрү” деп ант берип жана эч кандай динди карманбый, марксизм-ленинизмге гана ишениши керек [14] .
БУУнун расалык дискриминацияны жок кылуу боюнча комитетинин мүчөсү, Гэй Макдуггал бир нече жолу кытай лагерлеринин бар экендиги жөнүндө өзүнүн тынчсыздануусун ачык билдирип келет [15] [16] .
Окшош темалар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1 2 Freedom House: Freedom in the World 2011 Country Report: China(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 20 -декабрь (бештин айы) 2024. Түп булактан архивделген күнү 4 -январь (үчтүн айы) 2012.
- 1 2 Amnesty.org — Report — China — 2011(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
- ↑ European Parliament resolution of 12 December 2013 on organ harvesting in China(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
- ↑ UNTC(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
- ↑ Как работает цензура в Китае(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
- ↑ Свобода религии в Китае и в России: современные правовые рамки и система государственных ограничений(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
- ↑ Цитатанын катасы: Invalid
<ref>tag; no text was provided for refs namedmm - ↑ Хронология современных тибетских событий(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
- ↑ «Международная амнистия»: Тибет — пыточная лаборатория пенитенциарной системы КНР(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 20 -декабрь (бештин айы) 2024. Түп булактан архивделген күнү 30 -июль (теке) 2013.
- ↑ архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 20 -декабрь (бештин айы) 2024. Түп булактан архивделген күнү 25 -июль (теке) 2018.
- ↑ .
- ↑ .
- ↑ Секретные лагеря Китая Куда исчезают мусульмане-уйгуры в Синьцзяне?(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы) (2019).
- ↑ Китай признался в создании «лагерей перевоспитания» для уйгуров(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). ИА REX (12 -октябрь (тогуздун айы) 2018).
- ↑ China Uighurs: One million held in political camps, UN told(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
- ↑ U.N. says it has credible reports that China holds million Uighurs in secret camps(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Глава II конституции КНР, «Основные права и обязанности граждан»(жеткиликсиз шилтеме)
- Раздел ежегодного доклада «Международной амнистии» о КНР Калып:Wayback (англ.)
- Права человека в КНР на портале УВКПЧ ООН Калып:Wayback (англ.)
- Китайская сеть по правам человека Archived 2010-11-14 at the Wayback Machine Калып:Wayback (англ.) (кыт.)
- Права человека на сайте представительства КНР в ООН Archived 2010-09-18 at the Wayback Machine Калып:Wayback (англ.)
- Прогресс в области прав человека в Китае в 2009 году (англ.)
- Национальный план действий по правам человека 2009—2010 Archived 2011-09-05 at the Wayback Machine Калып:Wayback (англ.)
- Assessment Report on the National Human Rights Action Plan of China (2009—2010) Госсовет КНР, 2011
- Promises Unfulfilled. An Assessment of China’s National Human Rights Action Plan Калып:Wayback Хьюман Райтс Вотч 2011
- Национальный план действий по правам человека 2012—2015 Калып:Wayback (англ.)
- Assessment Report on the Implementation of the National Human Rights Action Plan of China (2012-15) Калып:Wayback Госсовет КНР, 2016 (англ.)
- New China Plan a Step Backward For Universal Rights Protection Калып:Wayback Хьюман Райтс Вотч 2012 (англ.)
- Национальный план действий по правам человека 2016—2020 Калып:Wayback (англ.)
- Доклад ГосДепа США о правах человека в Китае за 2011 год Калып:Wayback (англ.)
- Права человека в Китае на портале МИДДС Великобритании Калып:Wayback
- Подборка документов на сайте Tibet Human Rights Archived 2011-09-05 at the Wayback Machine Калып:Wayback (англ.)
- Инициатива открытой конституции Archived 2011-03-06 at the Wayback Machine Калып:Wayback (англ.) (кыт.)
- «Права человека в Китае» (англ.) (кыт.)
- Китайская группа юристов по правам человека (англ.) (кыт.)