Кытайдын улуттук чай музейи


Кытайдын улуттук чай музейи (кыт. :中国茶叶博物馆) — Кытайдын чай маданиятынын ар кандай аспектилерине арналган музей. Кытайдын чай борбору деп эсептелген Чжэцзян провинциясындагы Ханчжоу шаарында 1991-жылы ачылган[1].
Музей бардык тарабынан чай талаадары менен курчалып 3,7 га аянтты ээлейт. Музейде 2000 жылдан ашык чай аземдеринде колдонулган чайнектер, чөйчөктөр жана башка буюмдар жайгаштырылган[2]. Музейге барган ар бир калоочу, музей тарабынан сунушталган чай аземдерине катыша алат[3][4].
Музейдин көргөзмөсү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Музейдин имараты салттуу кытай стилинде куруулуп, айланысындагы курчап турган ландшафка шайкеш келтирилген. Музейдин кире беришинде атактуу чай чебери Лу Юянын айкели орнотулган.
Чай музейи бир нече көргөзмө залдарынан турат:
- Тарых залы келгендерди чайдын тарыхы, аны өстүрүү этаптары, Кытайдын ар кандай тарыхый мезгилдериндеги өндүрүш өзгөчөлүктөрү менен тааныштырат.
- Чай идиштери жана ага байланыштуу буюмдар залы чайды даярдоо жана керектөө процессин изилдөөгө арналган. Бул залда жез, күмүш, алтын, пилдин сөөгү, керамика, нефрит сыяктуу ар кандай материалдардан жасалган чайнектерди, табактарды, кашыктарды жана башка идиштерди көрө алса болот. Залда коюлган кээ бир экспонаттардын курагы миң жылдан ашык.
- Чай өстүрүү залында өсүмдүктүн түзүлүшү, чайдын касиеттери, чайды сактоо ыкмалары жөнүндө маалымат берилет. Мындан тышкары, музейге барган чет элдик лидерлердин, маданият ишмерлеринин жана башка атактуулардын видеолору жана сүрөттөрү коюлган.
- Калейдоскоп залы дүйнөдөгү чайдын көп түрдүүлүгүн баяндайт. Бул залда атайын айнек идиштерде дүйнөнүн бардык бурчунан алынып келинген чайдын 300 жакын сорту сакталат.
- Чайга байланыштуу каада-салттар залы чай аземинин салттарынын жана чай маданиятынын татаалдыгын чагылдырат. Юньнань, Сычуань, Фуцзянь, Гуандун провинцияларында жана Тибет автономиялуу районунда чай маданиятынын өзгөчөлүктөрүн чагылдырат. Бул залда Мин династиясынын жана Цин династиясынын доорундагы чай маданиятына өзгөчө көңүл бурулган.
Музейдин бардык көргөзмөсү интерактивдүү. Ар бир көргөзмө залында сенсордук терминалдар жайгашкан, алар музейге баргандар үчүн каалаган экспонат жөнүндө кошумча маалыматты табууга жардам берет. Музейде заманбап чай заводторунда колдонулган өндүрүш линиясынын моделин орнотулган.
Көргөзмө залдарынан тышкары музейдин аймагында «Чай алмашуу борбору», «Чай маданияты мектеби» окуу борбору, чай китепканасы, ондогон чай аземдери үчүн залдар, лекциялык-концерттик комплекс жана ресторан жайгашкан.
Галерея
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Чай талаалары
- Чай демдөөчү чайнек
- Музейдин кире бериши
- Музейдин аймагындагы жасалма көлмө
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ 春天里,访茶人
- ↑ China National Tea Museum. Collections. Artifacts
- ↑ Tea Ceremony
- ↑ 中国茶叶博物馆荣登“国家一级博物馆”榜单. Текшерилген күнү 25 -декабрь (бештин айы) 2024. Түп булактан архивделген күнү 22 -май (бугу) 2022.