Мазмунга өтүү
Кыямат сүрөсү
- Меккеде түшүрүлгөн. Кырк айаттан турат.
- Кыргызча котормо мааниси
- Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
- 1. Кыйамат Күнүнө ант!
- 2. Өзүн-өзү жемелеген жанга ант!
- 3. Инсан Биз анын сөөктөрүн чогулта[1] албайт деп ойлойбу?!
- 4. Ооба (чындыгында), Биз анын манжаларынын учунан бери өз калыбына келтирүүгө Кудуреттүүбүз.
- 5. Балким … инсан келечекте бузукулукту дагы да кыла берүүнү каалап турабы?
- 6. Ал: “Кыйамат Күнү качан болот?” – деп сурайт.
- 7. Качан көздөр караңгыласа,
- 8. Ай (түнөрүп) тутулса,
- 9. Күн менен Ай бириктирилсе,
- 10. Ошол күнү инсан: “Мен кутулуучу жай кайда?” – деп сурап калат.
- 11. О, жок! Качып кутулуу жок!
- 12. Ал Күндө Эгеңдин алдында гана (кутулуучу) жай (бар).
- 13. Ошол Күнү инсанга ал алдына эмне дайардап, (алып) келгенинен, эмнени артына калтырып койгонунан кабар берилет.
- 14. Инсан (ал күнү) өзүнө-өзү күбөлүккө өтөт.
- 15. Эгер ал кечирим суроону кааласа да.
- 16. (Эй, Мухаммед), сен тилиңди шашкалактап кыймылдатпа,
- 17. Акыйкатта аны жыйноо жана окутуу Бизге таандык.
- 18. Биз аны сага окуп бергенден кийин гана окууга ээрчигин.
- 19. Андан соң (аны) түшүндүрүү Биздин иш.
- 20. О, жок! Силер нак дүйнөнү сүйөсүңөр да,
- 21. Акыретти артка таштап коесуңар[2]
- 22. Кээ бир жүздөр ошол күнү албырып,
- 23. Эгесине карашат.
- 24. Ал күнү (бир топтун) өңдөрү тырышып-шүмүрөйөт.
- 25. Алар өздөрүнүн омуртка-белин сындырчуу азапты күтүшөт.
- 26. О, жок! Жан алкымга келген кезде,
- 27. “Ким дем сала алат?” – деп айтылат[3].
- 28. Ошондо ал айрылуу маалы келгенин сезет.
- 29. Буттары бириктирилет[4].
- 30. Ал күнү Эгесинин алдына (айдалып) келет.
- 31. Ал (ыймансыз) ишенген да, намаз окуган да эмес.
- 32. (Куранды) четке кагып, (динден) терс бурулган,
- 33. Мактана-бой көтөрүп, үй-бүлөсүнө барган.
- 34. Куруп кал сен, о куруп кал!
- 35. Андан соң[5] куруп кал сен, куруп кал!
- 36. Пенде өзүн кароосуз[6], таштап салынган деп ойлойбу?
- 37. Урук суусунун[7] бир тамчысы эмес беле?!
- 38. Андан соң ал уйуган кан болгон жана аны тегиздеп[8] жараткан.
- 39. Андан[9] эркек, ургаачы кылып, жупту жараткан.
- 40. Бул эмне[10]? (Алла) өлүктөрдү кайра тирилте албайбы?!