Кэти Перри

Wikipedia дан
Кэти Перри
Katy Perry
Katy Perry UNICEF 2012.jpg
Негизги маалымат
Төрөлгөндөгү ысымы

Кэтрин Элизабет Хадсон

Толук ысымы

Кэтрин Элизабет Хадсон

Туулган датасы

25 -октябрь 1984(1984-10-25) (32 жаш)

Туулган жери

Санта-Барбара, Калифорния, АКШ

Активдүү жылдары

2001- азыркы учурда

Өлкө

Flag of the United States.svg АКШ

Кесиптери

Ырчы

Аспаптары

гитара, фортепиано

Жанрлары

поп, поп-рок, электропоп, рок, госпел

Commons-logo.svg Аудио, фото, видео Уикиказынада

Кэтрин Элизабет Хадсон (англ. Katheryn Elizabeth Hudson 1984 жылы 25 октябрда АКШнын Санта-Барбара шаарында жарык дүйнөгө келген ) Гомосексуализм тууралуу ырларында ачык ырдаган, өзүнүн бирде сексуалдуу, бирде жомоктогудай образдары менен таң калтырган Кэти , композитор, өз ырларынын автору, актриса, жадакалса БУУнун ыктыярдуу элчиси катары да таанымал.

Биография[оңдоо | булагын оңдоо]

Кэти Перри христиан динин бекем тутунган үй-бүлөдө өсүп чоңойгон. Ал 3 бир туугандын ортончусу, улуу байкеси жана сиңдиси бар. Ырчы балалыгы тууралуу берген маектеринде мындай дейт “апам Калифорнияда туулуп-өскөн. Өспүрүм кезинде жыргал жашоонун артынан кууп, үйүнөн чыгып кеткен. Жер кыдырып жүрүп, Зимбабведе турмушка чыгат. Атам ал кезде хиппи (ред. 1960-70-жылдары АКШдагы сүйүү жана эркиндикти туу туткан жаштардын тобу) болуп жүргөн экен. Баңгиликке берилип, баңгизат сатуучу да болгон. Кудай жалгап, бул жакшылыкка алып барбасын түшүнүп, ал динге жана үй-бүлөсүнө жакындап баштаган”. Ошондон тартып ырчынын атасы чиркөөдө кызмат кылып, кызы Кэтини чиркөөнүн таасири менен тарбиялаганы маалым. Бирок бой жеткенде ырчы апасынын жолун жолдоп, Лос-Анжелеске качып кетет. Анын кыялы 25 жашында атактуу ырчы болуу эле, бирок ырчы атактуулукту 23 жашында эле багынткан. Кэтинин атактуулукту багындыруу сапары аябай татаал болуп, бир учурда ичкиликке да берилип кеткенин өзү жашырбайт. Анын жашоосундагы кыйынчылыктарды ачык айтышынан улам күйөрмандары тарабынан ого бетер сыйга ээ болгон. Атактуулукту багындырып, ырчы айым кызыктай кылык-жоруктарды жасап баштаганда, анын атасы “Кэти – шайтандан туулган кыз” деп балээге калган. Мунун акыры ата менен кыздын чоң чырдашуусуна алып келген. Бирок бул окуя бири-биринен кечирим суроо менен аяктаган.

Чыгармачылыгы[оңдоо | булагын оңдоо]

Жеке жашоосу[оңдоо | булагын оңдоо]

Келбети дүйнөнүн бардык мырзаларын тамшандырган ажарлуу Кэти Перринин жашоосундагы сүйүү романдары чыгармачыл чөйрөдөгү адамдар менен гана болуп келет. Ал алгачкы чоң махабаты катары “Gym Class Heroes” тобунун вокалисти Трэви Маккойду айтат. Чыгармачыл инсандар сүйүү кайыгында бири-бирин колдоп, жадакалса ырчы айым Трэвинин клиптерине да тартылып жүргөн. Бирок 2008-жылы сүйүшкөндөр бири-биринен кол үзүшкөн. “Көздүү мончок жерде калбайт” демекчи, көп өтпөй Кэти 2009-жылы британиялык куудул Рассел Брэнд менен сүйлөшүп, экөөнүн үйлөнүүгө убадалашкан аземи ошол жылдын жаңы жыл түнү Индияда өткөн. Бирок бул ирет да эки жаштын сүйүүсү түбөлүктүү болбой, 2012-жылы ажырашып кетишкен. Кэти кийинки арзуусун дагы эле ырчы Жон Мэйерден табат. Экөөнүн махабаты көп жолку урушуу жана элдешүү менен коштолуп, акыры эки башка жолго түшүү менен аяктады. Эми Кэти жаш актёр Роберт Паттинсонго ашык болуп жүргөндөй. Себеби акыркы учурда эки жаш чогуу жүрүп, папараццичилердин көзүнө көп учуроодо. Бул ашыктыктын оту канчага чейин тутанат болду экен, аны убакыт көрсөтөт. ==Шилтемелер==