Кюрасао улуттук футбол курамасы
| Кюрасао улуттук футбол курамасы | |||
|---|---|---|---|
| Лакап аттары | Көктөр (нидерл. De Blauwen) | ||
| Конфедерациясы | КОНКАКАФ (Түндүк Америка) | ||
| Федерациясы | Кюрасао футбол федерациясы | ||
| Субфедерациясы | Кариб футбол биримдиги | ||
| Башкы машыктыруучусу |
|||
| Капитаны | Леандро Бакуна | ||
| Эң көп оюн саны |
Леандро Бакуна (68) Элой Ром (68) | ||
| Мыкты бомбардири |
Рангело Янга (21) | ||
| Үй стадиону | «Эргилио Хато» | ||
| ФИФА коду | CUW | ||
| ФИФА рейтинги | |||
| Азыркы | 82 ▼ 1 (1- апрель 2026)[1] | ||
| Мыкты | 68 (июль 2017) | ||
| Төмөнкү | 188 (декабрь 2003) | ||
| Формасы | |||
| |||
| Биринчи оюн (Сан-Кристобал, Доминикана Республикасы; 18-август 2011) | |||
| Эң ири жеңиш (Виллемстад, Кюрасао; 10-сентябрь 2018) | |||
| Эң ири жеңилүү (Сантьяго-дел-Эстеро, Аргентина; 28-март 2023) | |||
| Дүйнө чемпионаты | |||
| Катышуусу | 1 (биринчи жолу 2026-жылы) | ||
| Жетишкендиги | Билине элек | ||
| КОНКАКАФ Алтын кубогу | |||
| Катышуусу | 3 (биринчи жолу 2017-жылы) | ||
| Жетишкендиги | Чейрек финал (2019) | ||
Кюрасао улуттук футбол курамасы (нидерл. Curaçaos voetbalelftal, папьям. Selekshon di futbòl Kòrsou) — эл аралык футбол мелдештеринде Кюрасаонун атынан чыгуучу команда. Команданы Кюрасао футбол федерациясы башкарат.
Кюрасао 2011-жылдан бери өз алдынча команда катары ойной баштаган (мурда Нидерланд Антиль аралдарынын курамында болгон). ФИФА жана КОНКАКАФ мурунку Кюрасао жана Нидерланд Антиль командаларынын мураскери катары тааныйт.
2025-жылдын ноябрында команда тандоо оюндарында өз тобун утуп, 2026 Дүйнө чемпионатына жолдомо алган. Ошентип, Кюрасао калкы жана аймагы боюнча дүйнө чемпионатына чыккан эң кичинекей өлкө болгон.
Ошондой эле бул Америка аймагынан чыккан биринчи көз карандысыз эмес команда болуп эсептелет.
Кураманын башкы машыктыруучусу — нидерланддык адис Фред Рюттен, капитаны — Леандро Бакуна.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ The FIFA/Coca-Cola World Ranking (англ.) (1- апрель 2026).
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кюрасао футбол федерациясынын расмий сайты Archived 2021-08-12 at the Wayback Machine
- Кюрасао ФИФА сайтында
| Бул бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |