Кюри Пьер

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Пьер Кюри (1906)

Кюри Пьер (фр. Pierre Curie, 15. 5. 1859, Париж — 19. 4. 1906, ошол эле жер) — франциялык физик. Франция Илимдер академиясынын мүчөсү (1905), Нобель сыйлыгынын (1903) лауреаты. Париж университетин бүтүрүп (1877), анда ассистент болуп иштеген. 1882—1904-жылдары Парижде физика, химия мугалими, Париж университетинде профессор (1904). Негизги эмгектери кристаллдын физикасы, магнетизм жана радиоактивдүүлүккө арналган. Бир тууганы Поль Жан Кюри менен бирге пьезоэлектр кубулушун ачкан жана изилдеген (1880). Кристаллдардын симметриясын (Кюри принциби) жана жалпы эле физикадагы симметрия маселелерин (1894) изилдеген. Магниттик кубулуштарды изилдөө П. Кюриге парамагниттик заттардын магниттик кабылдоосунун абсолюттук температурага көз карандылыгын (Кюри закону) аныктаган жана ферромагниттик материалдар парамагниттикке айлануучу (Кюри чекити) өзгөчө температураны аныктоого мүмкүндүк түздү. 1898-жылдан аялы М. Склодовская-Кюри менен бирге радиоактивдүүлүктү изилдей баштаган. Алар полоний, радийди ачып, радийдин нурлануусунун татаал курамын жана бул нурдун таасиринен айнек менен фарфордун боёло тургандыгын аныктаган. 1903-жылы П. Кюри радий тузу өзүнөн өзү жылуулук чыгара турганын ачып, радиоактивдүүлүктүн биологиялык таасирин да изилдеген.

Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Физика жаатындагы "Нобель" сыйлыгы, Мария Складовская-Күри жана Анри Беккерель менен бирге (1903)
  • "Дэви" медалы, Мария Складовская-Күри менен бирге (1903)
  • "Матеуччи" медалы, Мария Складовская-Күри менен бирге (1904)
  • Эллиот Крессондун медалы (1909), өлгөндөн кийин, Мария Складовская-Күринин сыйлык берүү аземи учурунда ыйгарылган
  • Америка химиялык коомчулуктун химия илиминин тарыхынын жаатындагы "Химиялык ири ачылыш" сыйлыгы (2015)

Байланыштуу макалалар[оңдоо | булагын оңдоо]

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]