Мазмунга өтүү

Күдөрү

Википедия — ачык энциклопедия

Күдөрү — кой же эликтин терисинен май сиңирилип ийленген булгаары. Күдөрү башка булгаарыдан жумшактыгы, түктүүлүгү жана суу өткөрбөстүгү менен айырмаланат. Күдөрү түрдүү түскө оңой боёлот. Андан кийим, бут кийим, кол кап тигилет жана бензинден сууну бөлүп чыпкалоо, ошондой эле оптикалык айнекти жылмалоо ж. б. үчүн пайдаланылат. Жасалма күдөрү кездеме бетине күдөрүнүкүндөй түктөрдү резина менен чаптоо же желим сүйкөлгөн бетке майдаланган кебез буласын себелеп кургатуу жолу менен алынат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]