Күзгүлүү-линзалуу система
Күзгүлүү-линзалуу система, катадиоптрия системасы — жарыкты чагылдыруучу (оптикалык күзгү) жана сындыруучу (линзалар) беттерден турган оптикалык система. Линзалуу оптикалык системага салыштырганда күзгүлүү-линзалуу система кыйла чоңойтуп көрсөтөт. Айрым күзгүлүү-линзалуу системада сүрөттөлүштүн сапатын өзгөртпөстөн, констр. кызмат (жарык багытын өзгөртөт, прибордун көлөмүн кичирейтет жана башка) аткарат. Буга микроскоптун күзгү-линзалуу конденсору мисал. Күзгү сүрөттөлүштү пайда кылат, ал эми линза күзгү пайда кылган аберрацияны оңдойт. Түшкөн жарыктын толкун узундугу өзгөрсө да, күзгүнүн оптикалык касиети өзгөрбөйт. Чоң фокус аралыгына жана чоң диаметрге ээ оптикалык системада, астрономияда чоң жарык күчүнө ээ фотожана телеобьективдерде, микроскопто, ошондой эле спектрдин ультракызгылт көк жана инфракызгылт көк нурлар менен иштөөчү приборлордо колдонулат. Орус физиги Д. Д. Максутовдун күзгүлүү-линзалуу системасы кеңири тараган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9