Мадемилова Күлбүбү

Википедия дан
Күлбүбү Мадемилова‎»‎ барагынан багытталды)
Күлбүбү Мадемилова
Туулган жылы:

27 -февраль 1929(1929-02-27)

Туулган жери:

Фрунзе, Кыргыз ССРи, СССР

Каза болгон жылы:

27 -июль 2018(2018-07-27) (89 жаш)

Каза болгон жери:

Бишкек ,Кыргызстан

Ишмердүүлүгү:

Бийчи, Балерина, балет

Жарандыгы:

СССР желеги СССР  Кыргызстан

Театр:

Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театры

Сыйлыктары:

Кыргыз ССРнин эл артисти

Күлбүбү (Гүлбүбү) (Эркин) Мадемилова (тж. 27-февраль, 1929 Фрунзе, Кыргыз ССРи - 27-июль 2018, Бишкек, Кыргызстан) — Кыргыз опера бийчиси[1], балетмейстер[2]. Кыргыз ССРнин маданиятына эмгек сиңирген ишмери (1963).

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күлбүбү Мадемилова 1929-жылы 27-февралда Фрунзе шаарында төрөлгөн. 1937-жылы Ленинград мамлекеттик хореографиялык окуу жайга тапшырган[3]. 1943-жылдан баштап Кыргыз театрында балет бийчиси болуп иштеп баштайт.

1947-жылы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын балет труппасына кабыл алынып[3], 1953-жылга чейин балерина катары Одетта-Одилия (П. Чайковский, «Ак куу көлү»), Зарема (Б. Асафьев, «Бахчысарай фонтаны»), Анар (В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере, «Анар»), Айдай (М. Раухвергер, «Чолпон»), Раймонда (А. Глазунов, «Раймонда»), Флорида (К. Делиб, «Коппелия») ж. б. ролдорду аткарган.

1953-1958-жылдар аралыгында Москва шаарындагы Мамлекеттик театралдык искусство институтунда (ГИТИС) режиссёр - балетмейстер адистиги боюнча билим алган. 1959-жылы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын башкы бийчи-коюучу кызматына дайындалган.

1970–72-жылдары Моңголияда балетмейстер, 1974–76-жылдары Вьетнамда балетмейстер-педагог болуп сабак берген. 1977–87-жылдары Кыргыз мамлекеттик филармониясынын алдындагы бий ансамблинин («Ак-марал») көркөм жетекчиси жана башкы балетмейстери болуп иштеген.

Кыргыз опера жана балет театрында 1958-жылы Кара Караевдин «Чагылгандын изи менен», 1962-жылдан Штраустун «Чоң вальс», Аренскийдин «Египет түнү», Чайковскийдин «Франческа да Римини» балеттерин, Римский-Корсаковдун «Испан каприччиосу» миниатюрасын койгон. «Акмарал» бий ансамбли менен Бельгияда, Францияда, Данияда, Швецияда, Мозамбикте, КМШ өлкөлөрүндө гастролдо болгон.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1964-жылы Күлбүбү Мадемиловага Кыргыз ССРнин маданиятына эмгек сиңирген ишмери наамы ыйгарылган.

1979-жылы хореография жаатындагы эмгектери үчүн Кыргыз ССРнин Эл артисти наамы берилген.

Өлүмү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2018-жылы 3 айдан ашык оору менен алышып, 27-июлда эртең мененки саат 6:00дө каза болгон.

Кыргыз ССРнин Эл артистин акыркы сапарга узатуу зыйнаты 29-июлда саат 10:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өткөн. Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган[4].

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://who.ca-news.org/people:26173?embed&pack=109
  2. https://www.kino-teatr.ru/teatr/acter/w/sov/351493/forum/
  3. 3.0 3.1 Уразгильдеев Р. Ее сценическое имя — Эркин // https://slovo.kg/?p=33683(жеткиликсиз шилтеме)
  4. Масалиева Ж. Скончалась первая женщина-балетмейстер Кыргызстана Кулбубу Мадемилова // https://24.kg/obschestvo/92078_skonchalas_pervaya_jenschina-baletmeyster_kyirgyizstana_kulbubu_mademilova_/