Күмбөз
Күмбөз (арабча күббае – көмкөрүлгөн чатырча, фарс тилинде гомбед –көмкөрүлгөн асман) – маркумга арнап тургузулган эстелик. Ахитектуралык формасы боюнча орто кылымдагы мусулман диний курулуштары болгон мечит, медресени элестетет. Кийин Орто Азиядагы мусулман калктарынын улуттук архитектурасынын бир тармагына айланган. Кыргыз, казак, өзбек, түркмөн, тажик күмбөзүнүн порталдары, куполдору, мунаралары көп жагынан окшош жана жергиликтүү өзгөчөлүктөргө да ээ. Кыргызстандагы байыркы күмбөздөр – Өзгөн, Шах-Фазиль (Сафедбулон 11–12-кылымдарда), Бурана. Кийинки муундагы Күмбөздүн мыкты үлгүсү– Манастын күмбөзү (14-к). 18–20-кылымдын башында бышырылбаган кыштан курулган кыргыз күмбөзүнүн саны арбыган. Алардын белгилүүлөрү – Тайлак менен Атантай, Жаркынбай, Байтик, Ногой, Кыркчоро, Төрөгелди, Балчак күмбөздөрү.
Айрым күмбөздөрдүн ички бети сүрөт, оюулар менен кооздолгон. Алайда топоз куйругу байланган шырык менен, Ысык-Көлдө бугунун мүйүзү менен кооздолгон учурлар арбын кездешет. Ар бир белгилүү Күмбөздүн кышы эчкинин кылы, малдын майы аралаштырылып жасалган деген имиштер менен коштолот. Күмбөздөр боюнча тарыхый изилдөөлөрдө кыргыз күмбөзүнүн 73 түрү катталып, аларды өз ара 14 типке бөлүп карашкан.
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.