Мазмунга өтүү

Күмүштак роговик кени

Википедия — ачык энциклопедия

Күмүштак роговик кени Талас облусунун Бакай-Ата районунда, Бакай-Ата кыштагынан 13–16 км түштүк-батыш тарапта, Талас Ала-Тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 3512 м бийиктикте. 1969- жана 1982-ж. "Средазкварцсамоцветы" экспедициясы чалгындоо ишин жүргүзгөн. Кен аймагын соңку рифейдин келки катмарлуу, талкаланган акиташ теги жана аны жиреп чыккан гранит интрузиясы түзөт. Акиташ теги менен интрузиянын чегинде темгилдүү роговик, скарн, мрамор пайда болгон. Булардын ичинен эң коозу роговик, анын пироксендүү, диопсиддүү, кварц-диопсиддүү, пироксен-амфиболдуу курамындагы 4 түрү кезигет. Алардын ичинен баалуусу – диопситтүү роговик. Анын өңү жашыл боз көрүнүп, кара, кызгылт көк, ачык кызыл түстөрдөгү жол-жол темгилдери учурайт. Узундугу 1 кмге чейин созулуп, келки дөңсөөлөрдү түзөт да, сай, коктуларда жер бетине чыгып жатат. Жылмалап сайкалдаганда кайталангыс кооз чиймелерди берет. Кеңири диапозондогу кооз такталарды алууга болот жана кооз буюмдарды жасоого жарамдуу. Баланстагы запасы А категориясы боюнча 4,5 миң т, В – 8,9 миң т, А+В – 13,4 миң т.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]