Күн коллектору
Көрүнүш
Күн коллектору — Күн энергиясын чогултуп жылуулук алуучу жалпак түзүлүш (панель). Ал суу менен камсыз кылуучу системага туташтырылган ийилчээк кара түтүктөрдүн, имарат чатырына жылан сымал орнотулган ысык суу менен камсыз кылуучу системанын жакшыртылган түрү. Күн энергиясын өзүнө алуу менен суюктукту айлантат (циркуляциялайт). Жылуулукту коромжуга учуратпоо үчүн маңдайкы бети айнек менен жабылып, калган бөлүгү жылуулук изоляциялоочу корпуска жайгаштырылат. Жаңы тунук изоляциялоочу полимер же кремний диоксидинин майда тешиктүү гели жана башка материалдарды колдонуу менен п. а. к. жогорулайт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9