Мазмунга өтүү

Күрмөнтү баткак кени

Википедия — ачык энциклопедия

Күрмөнтү баткак кени Ысык-Көл облусунун Түп районундагы дары баткагы жаткан жер. Күрмөнтү кыштагынын түштүк тарабында, Ысык-Көлдүн Күрмөнтү колтугунда жайгашкан. 1965-ж. табылган. Кендеги дары баткак 3–4 м тереңдиктеги көлдүн түбүндө жатып, күкүрттүү суутек жыттанган кара жана каралжын боз түстөгү илээшкек ылайдан турат. Калыңдыгы 0,6–0,8 м. Анын астында ныкталган бозомтук ылай тереңдеген сайын чопого өтөт. Баткак аз минералдашкан (3,5–5,4 г/л) күкүрттүү суутек (100 г баткактагы Н2S –153 мгга жетет). Нымдуулугу 60%тен көп, салыштырма салмагы 1,2– 1,5 г/см. рН–7,8– 8,6. Органикалык заттардын өлчөмү 1,31–3,65%. Эсептелген запасы 49 миң т. Ысык-Көл курорт зонасы үчүн мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]