Күрмөнтү чопо кени
Күрмөнтү чопо кени Ысык-Көл облусунун Түп районунда. Күрмөнтү кыштагынан 2,5 км батыш тарапта, Күнгөй Ала-Тоонун түштүк-чыгыш этегинде. Кен аймагында антропогендин делювий-пролювий чөкмө тектери кеңири таралган. Мындагы чопо катмарларынын калыңдыгы 1–22 м. Катмардын арасында шагыл, кум кездешет. Чопо күрөң сары түстө. Гранулометриялык курамы: 0,005 ммден майдасы – 21,41%, 0,005 – 0,01 мм – 21,39%, 0,05 – 0,01 мм – 42,25%, 0,25 – 0,05 мм – 10,59%, 0,5 – 0,25 мм – 0,95%, 1–05 мм – 1% жана 1 ммден кесеги – 2,44%. Химиялык технологиялык касиети боюнча чопо жогорку маркадагы портланд-цемент, курулуш кирпичи «75», «100» маркасындагы карапа, «500», «600», «700» маркасындагы аглопорит алууга жарактуу. Запасы А+В+ С1 категориясы боюнча 1483 миң т. Кен каръерден казылып, чопону Күрмөнтү цемент заводу пайдаланат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7