Күрөөкана
Көрүнүш
Күрөөкана — буюмдарды күрөөгө алууга ылайыкташып, кыска мөөнөттүү кредиттерди күрөөгө коюучунун кошумча милдеттенмелерисиз эле камсыз кыла турган кредит мекемеси. К-нын күрөөгө коюлган буюмдарды пайдаланууга жана тескөөгө акысы жок. Эгер аргасыз абалдан улам болгондугун далилдей албаса, К. буюмдун жоголуу жана сынуу жоопкерчилигин көтөрөт. КР мыйзамдарына ылайык, К. кошумча жоопкерчилиги бар коом же толук шериктештик таризинде түзүлөт. Кыргызстанда күрөөкана ишмердүүлүгү КРУБдун лицензиясынын негизинде жүргүзүлөт.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7