Күч колдонуу жана күч колдонбоо

Википедия дан

Күч колдонуу жана күч колдонбоо, саясатта - күч колдонуу коомдук-саясий турмушта күчтүн түрдүү көрүнүшү, саясий максаты. физикалык мажбурлоонун колдонулушу.

Күч колдонуу актыларына саясий максаттарда куралдуу күчтөрдү колдонуу, террор, өлтүрүү, уруп-сабоо, жардыруу, имараттарды өрттөө, мүлктөрдү, коммуникация каражаттарын бузуу ж.б. кирет. Күч колдонууну түрдүү типке бөлүүгө болот. Чыгуу формалары боюнча күч колдонуу: көчөдөгү тартипсиздиктер, көтөрүлүштөр, жарандык ж.б. согуштар, саясий куугунтуктоо, эл аралык мүнөздөгү куралдуу конфликттер жана терроризмге бөлүнөт. Саясий актылардан тышкары аскердик, руханий (психологиялык, идеологиялык), администрациялык, соттук күч колдонуулар бар. Саясатта күч колдонуу социалдык акыйкатсыздыкты мүнөздөгөн (экономикалык теңсиздик, социалдык эзүү ж.б.) коомдогу мамилелердин белгилүү тиби менен шартталат.

Саясий көз карашта азыркы шарттарда күч колдонуу эффективдүү каражат болуп эсептелбейт. Коомдук кайра түзүүлөр үчүн ыңгайлуу факторлор (экономикалык, саясий, социалдык-маданий ж.б.) менен айкалышкан учурда гана күч колдонуу чаралары натыйжалуу болот. Күч колдонуу бул аморалдык каражат. Анткени ал материалдык бузууларга, адамдын курмандыктарына алып келип, коомдук мамилелерди дегумандаштырат. Бирок белгилүү шарттарда күч колдонуу салыштырмалуу актанууга ээ болуп, кырсык, жамандыкты билдирбейт (тоталитардык режимге карты күрөш, агрессиядан коргонуу, куралдуу чыгууларды басуу). Күч колдонуу белгилүү саясий, юридикалык, адеп-ахлактык чектерге коюлушу керек. Ал саясий ишмердүүлүктүн башка ыкмаларын колдонуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурларда гана каражат катары пайдаланылат. Күч колдонуу кырсыкка айланып, акыйкатсыз мүнөзгө ээ болот да, позитивдүү социалдык-саясий милдеттерди чечүү мүмкүндүгүн жоготот. Күч колдонбоо - адеп-ахлактык актанууга ээ саясий каражат. Ал физикалык гана эмес, руханий мажбур кылууну колдонуудан да баш тартууну сунуш кылат.

Айрым бир изилдөөчүлөрдүн ою боюнча күч колдонбоо аракеттеринин 200дөн ашуун формалары бар (кайрылуу, митингдер, демонстрация, жарандык баш ийбөөчүлүк, пикетке чыгуу, баракчаларды таркатуу). Күч колдонбоону пайдалануу - чоң чеберчилик. Күч колдонбоочулук аракеттерин ишке ашыруу так даярдыкка, кырдаалды терең анализдөөгө, аракеттердин планын иштеп чыгууга муктаж. Күч колдонбоо аны ишке ашыруучулардан жогорку сапаттарды: эрктүүлүк, курмандыкка өзүн чала билүү, сабырдуулук, жоопкерчилик ж.б. талап кылат. Ал өзүнүн саясий эффективдүүлүгүн Индиянын көз карандысыздыгына жетүү үчүн күрөштө, АКШдагы 1960-ж. рассалык дискриминацияга каршы күрөштө, Филиппиндерде Ф.Маркостун режимин кулатууда көрсөтө алды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8