Күүлөнткүч

Википедия дан

Күүлөнткүч, маховик — түрдүү машиналардын кыймылдаткычынын жетелөөчү октолгоочуна (валына) орнотулган алкактуу дөңгөлөк. Энергия запасын жогорулатуу үчүн көбүнчө күүлөнткүчтүн салмагын алкакка топтоп, ал эми октолгоочтун огуна жакын жагы жука жасалат. Бензин кыймылдаткычында же буу машинасында айлануу моментинин термелүүсүн текшилеп, ар бир иш тактысында энергияны жутуп алып, кайра аларга берип турушу менен октолгоочту бир калыпта айландырып, машинанын бир калыпта иштешин камсыз кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]