Күү (музыкада)

Википедия дан

Күү (музыкада) — кыргыздын аспаптык музыкасынын жалпы аты. Ал негизинен темир жана жыгач ооз комуз, комуз, кыл кыяк, сурнай, сыбызгы, чоор күүлөрү болуп бөлүнөт. Күүлөр салт боюнча муундан муунга өтүп, программалык мазмунга ээ болгон, дастандардагы окуяларды, жаратылыш таасирлерин чагылдырган («Ат кетти», «Камбаркан», «Кара өзгөй», «Көкөй кести», «Жаа толгоо», «Ботой» жана башка). Күүнүн обондук-формалык курулушу, аткаруу ыргактары ар түрдүү. Бул Карамолдо, Муратаалы, Токтогул, Атай, Эркесарынын терең филос. мазмундагы айтым күүлөрүнөн көрүнөт. Комуз Күүлөрү эл арасына кеңири тараган. Башка аспап Күүлөрүнө караганда күүлөнүшү, музыкалык темалардын өнүгүшү, ыкмаларынын жана штрихтеринин байлыгы, программалуулугу менен айырмаланып, түрдүү толгоо (оң, сол, чың, бош, кош, чың-кош, терс, боштерс жана башка) менен күүлөнүп чертилет. Күүлөрдүн мындай чертилиши «аралашма», «калтылдатып чертме», «терип чертме», «жанып чертме», «кол ойнотуп чертме» жана башка көптөгөн ыкмалардын колдонулушун шарттайт, ошондой эле Күүлөргө классикалык музыкалык өнөрдүн айрым элементтерин киргизүүгө мүмкүндүк берет. Күү ийкемдүү, темпераменттүү келип, аягына чейин динамикалуу өнүгөт. Комуз Күүсү үч үндүү. Ага туруктуу бас пайдаланылып, жарыша жүрүшү мүнөздүү. Бир эле Күүнүн бир нече варианты бар. Мындай учурда Күү бирде узарып, бирде кыскарып, метроритмикалык белгилери өзгөрүп турат. Ошону менен бирге комузчу мурдагыларды байыта турган интонацияларды киргизип, негизги теманы «өзөк» катары пайдаланат. Комуз Күүлөрүн жаңылоонун натыйжасында жаңы варианттар, бөтөнчө салт күүлөрдө жаңы үлгүлөр, позициялар пайда болгон. Алар жанрына жараша обон, залкар, айтым күүлөр деп, ал эми мазмунуна, аткарылышына, темасына жараша лирикалык («Секетбай», «Күйгөн», «Арман», «Кошок» жана башка), эпикалык («Каныкейдин арманы», «Курманбек» жана башка), салт («Кербез», «Шыңгырама», «Кара өзгөй», «Бекарстан» жана башка), чертилишине жараша моюн («Камбаркан»), бел («Ибарат», «Насыйкат» жана башка), аяк («Ботойлор» менен «Шыңгырамалар» жана башка) Күүлөр деп бөлүнгөн. Обон Күүлөрдү К-нүн эң байыркылары деп болжоого болот. Обон Күүлөр кимге арналса, ошонун аты («Ак Зыйнат», «Ак Мөөрдүн арманы») же автордун ысмы («Боогачынын обону», «Осмонкулдун обону», «Калмураттын обону») менен тараган. Обон Күүлөр айтым Күүлөрдүн жаралышына данек болгон. Айтым Күүлөрдөгү өзгөчөлүк – эң татаал ыкмаларды колдонуп чертүү, музыкалык маанилеринин өнүгүшүнө ылайык колду түрлөнтө, кубулта ойнотуу. Айтым Күүлөрдүн классикалык үлгүлөрүнө «Ак тамак, Көк тамак», «Маш ботой», «Тогуз кайрык», «Чайкама», «Айдараалынын көйрөң күү» жана башка кирет. Айтым Күүлөрдүн улуу устаттары Токтогул, Ниязаалы, Айдараалы, Жантакбай, Атай, Серек, Коргоол жана башка болгон. Комуз музыкасындагы негизги жанр – залкар (кара) күүлөр. Алар ойго бай кайрыктарга ээ болуп, кол ойнотулбай, бир калыпта, салмактуу чертилет. Залкар Күүлөрдү ыр же сөз коштобойт, күү чертилер алдында гана анын эмнеге арналганы, кандай окуялар баяндалары кара сөз менен чечмеленген. «Манас» эпосу баштаган кенже дастандардын (эпизоддорунун) негизинде да баяндамалуу (программалуу) Күүлөр («Чоң казат», «Алмамбет менен Чубак», «Каныкейдин арманы», «Алмамбеттин арманы» жана башка) чыгарылган. «Көкөй кести», «Сынган бугу», «Ибарат», «Насыйкат», «Жаш тилек» жана башка залкар күүлөрдүн классикалык үлгүлөрүнө кирет. Залкар Күүлөрдүн улуу чеберлери Арстанбек, Кыдыр аке, Боккөтөн, Кудайберген, Муратаалы, Майлыбай, Сейилкан, Карамолдо, Ыбырай, Чалагыз жана башка болгон. Салт Күүлөр да кеңири өнүккөн («Камбаркандар», «Ботойлор», «Кербездер», «Шыңгырамалар», «Толгоолор», «Бегарстандар», «Кайрыктар» жана башка). Кээ бир Күүлөр куштардын сайраганын, жорголордун жүрүштөрүн жана башка тууроонун негизинде чыккан («Токто, чором, найза сал», «Булбул сайрап таң атты», «Жүрүш күү», «Байге» жана башка). Залкар комузчулар Музооке, Күрөңкөй, Боккөтөн, Арстанбек, Белек, Бурулча, Абак, Капал, Койду, Жантакбай, Кыдыр акенин өнөрлөрүн Кудайберген, Токтогул, Муратаалы, Ниязаалы, Айдараалы, Карамолдо, Атай, Ыбырай, Эркесары, Шекербек, Асылбек, Орозбай, Намазбек жана башка өөрчүткөн. Октябрь рев-ясынан кийинки кыргыз комузчуларынын Күүлөрү (Ы. Тумановдун «Жаш тилек», «Боз салкын», «Кеңеш», «Паровоз», «Жеңиш», «Жүрөгүм Москва», «Тынчтык», К. Орозовдун «Колхоз камбарканы», «Терме камбаркан», «Бешик күү», А. Огомбаевдин «Маш камбаркан», «Салтанат камбаркан» жана башка) ошол доордун маани-маңызын чагылдырган. Мурда Күүлөр жеке аспапта ойнолсо, кийин ансамблдин (к. Комузчулар ансамбли) жана оркестрдин (к. Кыргыз мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестри) аткаруусунда жаңы мазмунга, көп түстүүлүккө ээ болду. М. Абдраев, К. Молдобасанов, Н. Давлесов жана башка композиторлор комуз Күүлөрүнүн үлгүсүндө оркестр үчүн Күүлөрдү («Жаштык күү», «Комуз күүсү», «Карылык», «Тогуз кайрык», «Жол жорго» жана башка) жазышты. А. Жумакматов, Э. Жумабаев симфониялык, эл аспаптар оркестрлери жана «Камбаркан» этногр. фольклордук ансамбль үчүн ондогон Күүлөрдү иштеп чыгышты. Композиторлор Күүлөрдү операларга («Айчүрөк», «Токтогул», «Манас», «Жаш жүрөктөр», «Көкүл», «Олжобай менен Кишимжан» жана башка), балетке («Анар», «Чолпон», «Селкинчек» жана башка), симфониялык аспаптык чыгармаларга кеңири пайдаланышты. Кыргыз Күүлөрү алгачкы жолу А. Затаевич тарабынан нотага түшүрүлүп, «Кыргыздын 250 аспаптык күүсү жана обону» деген ат менен 1934-ж. Москвадан басылып чыккан. В. Виноградовдун «Токтогулдун музыкалык мурасы» (1961), «Муратаалы Күрөңкөев» (1962) деген эмгектеринде изилденип, «Кыргыз музыкасынын антологиясына» (1974) киргизилген. 125 күүнү камтыган «Залкар күүлөр» деген диск чыгарылган (2001). Б. Алагушовдун «Комузчулар өнөрү» (1976), Б. Алагушов, Т. Медетовдун «Карамолдонун күүлөрү» (1977), Ч. Исабаевдин «Комуздун тандалма күүлөрү» (1987), «Кылымдардын кылдары» (2005) аттуу эмгектеринде изилденген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]