Көк-Аргын суусу

Википедия дан
Көаргын‎»‎ барагынан багытталды)

Көк-Аргын суусу, Көк Айгыр – Ат-Башы районунун аймагы аркылуу аккан суу. Ат-Башы кырка тоосунун түштүк капталынан башталып, Чатыр-Көлгө куят. Узундугу 43 км, алабынын аянты 378 км2. Башталышында капчыгай аркылуу түштүк-чыгышты карай, Көк-Аргын кыштоосунан саздуу өрөөн менен батыш тарапка агат. Өзөнү имерилиштүү. Негизинен кар, мөңгү жана булак сууларынан куралат. Жылдык орточо чыгымы 2,68 м3/сек. Эң чоң чыгымы июлда, эң азы мартта байкалат. Май айында кире баштап, сентябрда тартылат. Ири куймалары: Бала-Көк-Аргын (18 км), Корум-Суу (14 км), Ак-Таш (10 км).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]