Мазмунга өтүү

Көбүксуу туз кени

Википедия — ачык энциклопедия

Көбүксуу туз кени Нарын облусунун Жумгал районунда, Саргамыш кыштагынан 8 км түштүк тарапта, деңиз деңгээлинен 1200–1500 м бийиктикте. Геол. издөө иши 1973-ж. жүргүзүлгөн. Таш-Көмүр мезгилинде пайда болгон туздуу катмардын ичинде калыңдыгы 19,8–22,1 м, узундугу 800–900 м болгон, курамында галит минералы бар кабат изилденген. Кабатта чопо, кум жана шагылдын өлчөмдөрүнө жараша хлордуу натрийдин өлчөмү 35,79–56,1%тен 69,98–71,45%ке чейин өзгөрөт. Малга тоют туз катары пайдаланса болот. Запасы С2 категориясы боюнча 300 миң т.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]