Көбүү
Көрүнүш
Көбүү – айлана чөйрөдөн суюктукту же бууну сиңирип алуудан катуу заттар көлөмү же массасы чоңоюшу. К. чектүү жана чексиз болуп бөлүнөт. Биринчисинде белгилүү көлөмгө жеткенде К. токтолот жана К. өзүнүн формасын сактайт, мис., гель сымал ион алмашуучу чайырлар – сууда, жумшартылган каучук – бензолдо чектүү көбөт. Экинчи учурда полимер менен суюктук өз ара диффузиясынын натыйжасында фаза аралык чек жоюлуп, К.полимер толук эрип кетүүсү менен аяктайт. Кээде чектүү (темп-ранын жогорулашы м-н) чексиз көбөйүүгө өтөт. К. техникада, турмуш-тиричиликте кенен колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6